Доллардан баш тартуу процесси Россияда мурда эле башталган (Фактчекинг)

11-апрель күнү Мырзакат Тыналиев аттуу Фейсбук колдонуучусу “Дедолларизация башталдыбы? Кытайлык компаниялар Россиядан көмүрдү жана газды юань менен ала баштады”, — деген маалыматты бөлүшкөн. 

Доллардан баш тартуу процесси Россияда мурда эле башталган (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы “Дедолларизация” процессин анализдеп көрдү. 

2009-жылы башталган “де-долларизация” процесси 

2009-жылдын март айында дүйнөлүк экономикалык кризистин шартында чоң державалар  дүйнөлүк валютанын ролун тез арада карап чыгуу маселесин көтөрө башташты. Анткени 2008-жылы башталган кризис дүйнөлүк валютанын бир гана долларга байланыштуу болушунун кооптуу экенин көрсөткөн болчу. 

Ошол учурдагы кризистин чыгуусуна эл аралык соода капиталынын кыймылындагы дисбаланска жана АКШдагы ипотекалык кризиске байланыштуу болгон. Бул кризистен дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттердин экономикасы жабыркаган. Анткени эл аралык соода сатык басымдуу түрдө долларга байланыштуу болгон. 

Буга байланыштуу, Кытай доллардын эквиваленти катары эл аралык соода жүгүртүүдө башка валюталарды кошуу максатка ылайыктуу экенин айтып чыккан. 2009-жылы Кытайдын Элдик банкынын төрагасы Чжоу Сяочуан  кризисти башкарууну жакшыртуу үчүн доллар, евро, йен жана фунт стерлингди камтыган валюталарды колдонууну сунуштаган. Бирок, АКШнын ошол учурдагы президенти Барак Обама “доллар өзү күчтүү” деген жүйө менен бул сунушту четке каккан. Бирок Кытайда коопсуз эл аралык соода сатыкты жүргүзүү үчүн альтернативдүү жолдорду издей баштаган. 

Кытайда “де-долларизация” процесси 2018-жылы Дональд Трамп Кытайдан импорттолуучу товарларга тарифтерди бир тараптуу көтөргөндөн кийин активдүү башталган. КЭР АКШнын кадамдарына жооп кылып юаньды эл аралык валютага айлантуу аракетин күчөткөн. 

Ал эми Россияда де-долларизация тенденциясы 2014-жылы күч алган. Анткени Россия Крымды анекссиялагандан кийин, 2022-жылы болгондой эле бир топ оор экономикалык санкциялар киргизилген. Мисалы ошол жылы Россияда эл аралык акча которуучу SWIFT системасы өчүрүлүп, активдери тоңдурулган. Ушундан баштап Россия да активдүү түрдө де-долларизация процессин жүргүзө баштаган. 

2018-жылы Россия долларсыздандыруу боюнча дүйнөлүк лидер боло алган. Жыл ичинде Москва 100 миллиард долларга жакын активдерди сатып, жалпы суммасы 90 миллиард долларга евро жана юандык активдерди сатып алганы айтылат. 

Россия менен Кытай улуттук коопсуздукту чыңдоо максатында 2019-жылдын июнь айында гана улуттук валютада өз ара эсептешүүлөр боюнча келишимге кол коюшкан. Бирок кол коюлган документ алкактык мүнөзгө ээ болуп, бул аны ишке ашыруу үчүн тараптардын мындан аркы кадамдарын, КНРдеги өнөктөштөр менен кошумча макулдашууларды талап кылат дегенди билдирет.

Рубль жана юань менен эсептешүүлөрдүн көлөмүн реалдуу кеңейтүү үчүн Москва менен Пекин финансылык инструменттердин тиешелүү рынокторун түзүшү керек болгон. Натыйжада жакынкы жылдарда тараптардын улуттук валюталары менен эсептешүүлөрдүн көлөмү пайда болгон тенденцияларга жараша 10%дан 50%га чейин өсүшү мүмкүн экени  айтылууда. 

Юань, рубль жана соода сатык 

Кытайдын бир катар компаниялары Россиядан көмүрдү юанга сатып алып баштаганы тууралуу маалымат 7-апрель күнү чыккан. Бул тууралуу “Bloomberg” агентствосу кабарлаган. 

Кытайдын Fenwei Energy Information Service Co консалтинг фирмасы билдиргендей, бир нече кытай фирмалары россиялык көмүрдү март айында сатып алуу үчүн жергиликтүү валютаны колдонушкан жана биринчи ташуулар ушул айда келүүсү күтүлүп жатканын билдиришкен. 

Башкача айтканда эки өлкөнүн арасындагы “де-долларизация” проецесси практика жүзүндө иштеп баштады. 

Белгилей кетсек Россиянын президенти Владимир Путин 24-февралда Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялады. Бул тууралуу ал “Россия 24” каналынын эфиринде жарандарга кайрылуу учурунда айткан. Россиянын бул кадамын дүйнөдөгү бир топ мамлекеттер “агрессия” деп баалап катуу саңкцияларды киргизе баштаган. 

Өз учурунда Россия экономикалык каатчылыкка кептелбөө үчүн нефтини жанга газды рубль менен гана сата турганын билдирген. 

Жыйынтык: Доллардан баш тартуу процесси Россияда жана Кытайда мурда эле башталган. Ал эми Украинадагы кырдаалга байланыштуу бул процесс практика жүзүндө колдонулуп баштаган.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты