Добуш сатып алуу фактысы аныкталып, ТСЖ төрайымы кармалды
- 7 месяцев мурун
Бишкекте добуш сатып алуу фактысы боюнча 1949-жылы туулган С.Н. атуу жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү Бишкек шаардык Октябрь РИИБине Б.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Көк-Жар конушунун ТСЖ төрайымы С.Н. анын батирине келип, жубайына ичиндe 2000 сом салынган бир талапкердин үгүт буклетин берип, добуш берүүнү суранганын билдирген. Үгүт материалдары акча менен кошо ошол күнү кайтарылып берилген.
Арыздын негизинде, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, 1949-жылы туулган С.Н.га айыбы угузулду.
ИИМ тергөө иштери уланып жатканын кабарлады. Октябрь РИИБ шайлоочуларды добуш сатып алуу 5 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасын карарын эскертти.




