Добуш берген жарандардын саны. Инфографика

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-ноябрда, өтүп жаткан Парламенттик шайлоонун саат 18:00гө карата добуш берген шайлоочулардын саны жаңыланды. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Бирдиктүү шайлоо округу боюнча жалпы шайлоочулардын 28%ы добуш берди.

Ал эми, Бир мандаттуу шайлоо округдарындагы көрсөткүчтөрү да жарыяланып, добуш бергендердин саны 22,5%га жеткен.

Бүгүн өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты