Добуш берген жарандардын саны

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-ноябрда, өтүп жаткан Парламенттик шайлоонун саат 14:00гө карата добуш берген шайлоочулардын саны чыкты.

Ага ылайык, Бирдиктүү шайлоо округу боюнча жалпы шайлоочулардын 16%ы добуш берди.

Ошондой эле, Бир мандаттуу шайлоо округдарындагы көрсөткүчтөрү да жарыяланып, добуш бергендердин саны 16,4%га жеткен.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялардын негизинде шайлоо үчүн 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдардан 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты