Диний кастыкты козутууга багытталган материалдарды таратканга шектелген жаран кармалды

  • 8 месяцев мурун

Диний кастыкты козутууга багытталган материалдарды таратканга шектелген К.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«К.С. өзүн көз карандысыз укук коргоочу (юридикалык билими жок) катары көрсөтүп, анын пикиринде “кысымга учураган” динчилдердин, блоггер катары активдүү болуп, социалдык тармактардагы (YouTube, Telegram, Instagram) каналдары аркылуу ал экстремисттик аракеттерди актоого жана мамлекеттик органдардын беделин түшүрүүгө багытталган материалдарды үзгүлтүксүз жарыялап турган. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга байланыштуу улуттар аралык кастыкты козуткан, диний кастыкты козутуучу жана согушту үгүттөө белгилери бар материалдарды тарата баштаган. Кылмыш ишинин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренесинде каралган козголгон кылмыштын негизинде, К.С. кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты