Диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды таратканга шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Социалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү Ош облусунун аймагында өткөрүлгөн «Экстремист» аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 21 жаштагы Б.М. кармалды. Ал жаран “Инстаграм” социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио-видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды жайылтып, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган. Аталган факты Ош ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо,таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты