“Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы боюнча предметтик стандарт бекиди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында өтүлчү “Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы боюнча предметтик стандарт бекиди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын нормаларына ылайык жана “КР мектептеринде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын” негизинде иштелип чыкты.

Бул стандарт “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча билим берүүнүн мамлекеттик минималдуу мазмунуна жана 7-8-9-класстардын окуучуларынын даярдык деңгээлине коюлган талаптарды белгилейт.

“Диндердин өнүгүү тарыхы” окуучуларга диндер жана алардын мазмуну, коомдук мамилелер, адеп-ахлак, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берет. Окуучулар диндердин тарыхын жана келип чыгышын изилдеп, диний окуулардын маңызын түшүнө башташат: диндердин маанисин, алардын азыркы коомго тийгизген таасирин жана тенденцияларын талдоо менен окуучулардын мамилеси калыптанат, айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүүгө, сабырдуулукка үйрөнүшөт», — деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предметтик стандарты Кыргызстандагы кыргыз, орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде окуткан бардык окуу жайлар үчүн бирдей.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты