Динара Кемелова президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Нурлан Айтмурзаев президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү кызматынан бошотулду. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин башка жарлыгы менен бул кызматка Динара Кемелова дайындалды.

Динара Кемелова буга чейин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы жана Вьетнамдагы элчиси, тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты