DigiKonush: 10 жашар Дарина Кызыл китептин мобилдик тиркемесин иштеп чыгат

  • 2 года мурун

5-класстын окуучусу Дарина Европа Биримдиги каржылаган DigiKonush-«Диги конуш» долбоорунан 4500 евро алып, Кыргызстандагы жаныбарларды коргоо үчүн «Кыргызстандын Кызыл китеби» мобилдик тиркемесин иштеп чыгат.

Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз жана маалымат боюнча кызматкери Чынтемир Калбаев билдирди.

Жаш жеткинчектин жашоосун аңчылыкта өлтүрүлгөн жаныбар өзгөрткөн. Даринанын долбоору кокустан пайда болгон эмес. Окуучу кыздын айтымында, “Кыргызстандын Кызыл китеби” мобилдүү тиркемесинин жаралышына анын жашоосундагы бир окуя түрткү болгон.

«Бир жолу атам аң-уулоодо өлтүрүлгөн жаныбардын этин алып келиптир. Кайсыныкы экенин так айта албайм. Бирок менин ага боорум ооруп, этти жебей койгом. Ошондон тартып жаныбарларды коргоого умтулуум пайда болуп, адамдарга дагы мунун зарылчылыгы жөнүндө айткым келди” дейт Дарина.

Буга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоо долбоор чынында керектүү экенин ачыктаган, анткени көпчүлүк жергиликтүү жашоочулардын өлкөнүн Кызыл китебине кирген жаныбарлар тууралуу кабары аз болчу.

«Бардыгы көбүнчө ак илбирс же тоо кулжа тууралуу гана билишет экен. Ал эми тиркемеге сейрек кездешүүчү жаныбарлардын 8 түрү киргизилген: кулжа, кызыл карышкыр, ак илбирс, күрөң аюу ж.б. Тиркемени иштеп чыгууга апам жана мугалимдер жардам беришти. Дагы эки курбум – Жаннат менен Бегайым сурамжылоо түзүштү. Ал курбуларым 13 жашта» дейт Дарина.

Билим гана эмес, оюн дагы “Кыргызстандын Кызыл китеби” тиркемеси эки бөлүктөн турат: маалымдоочу жана интерактивдүү. Билим алуудан тышкары, колдонуучу мобилдүү оюнда ак илбирске “айланып”, мергенчиден качат. Бул да болсо балдарда кошумча кызыгуу арттырышы керек. Анткени тиркеменин башкы максаты – жаш муундун экологиялык аң-сезимдүүлүгүн жогорулатып, айлана-чөйрөгө аяр, боорукер мамилесин өстүрүү.

Даринанын азырынча атаандаштары жок – Кыргызстанда мындай тиркеме алгачкы жолу пайда болуп жатат.

Гранттык комитеттин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Даринанын долбоору 132 упай топтоп, 13 жеңүүчүнүн тизмесинде 8-орунга илинди. Калыстар тобуна тармактык мамлекеттик органдардын, ошондой эле, Кыргызстандын жана Эстониянын көз карандысыз эксперттери кирген.

Мына ошентип, 10 жашар окуучу стартта сынактардын Кыргызстандагы эң жаш жеңүүчүсү болуп калды. Ал гана эмес, Даринага бул наам өлкөдөн тышкары дагы берилсе жарашчудай.

Санарип демилгени ишке ашыруу үчүн 4 миң 50 евро суралган. Дарина тарап 1 миң 300 долларга барабар өздүк салымын кошууга даяр. Долбоор эмки жылдын апрель айына чейин ишке ашуусу керек.

«DigiKonush — Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоору Европа Биримдигинин колдоосу жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө “Лидер” атуулдук демилгелер борбору тарабынан ишке ашырылып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты