#Детектор: Жасалма маанай жараткан УТРКнын кызматкерлери

“Фейк фабрика” жана “троллдор” деген түшүнүктөр акыркы жылдары абдан популярдуу болуп жатат. Жалпак тил менен айтканда, фейк жасалма аккаунтка жамынып алып, кандайдыр бир жалган, каралоочу маалыматты таратса, тролль өзүнүн жүзү менен чыгып, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгындагы материалды бир жактуу таратып же экинчи тарапты каралаган аракеттерди жасайт. Ушундай аракеттери аркылуу алар калк арасында жасалма маанай жаратууга аракет кылышат.

“ПолитКлиника” медиасы УТРКнын айрым кызматкерлери жасалма маанай жаратууга аракет кылып жаткандыгын аныктап чыгышты.

Кемпир-Абаддын берилиши жана ага жан тарткан журналисттер” 

Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди ратификациялаган. Калктын нааразычылыгы күчөп турган убакта социалдык түйүндөрдө Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычын берүү менен утушта калганын жазган көптөгөн посттор чыга баштаган.  Bulak.kg аталган постторду анализдеп чыгып, “ийгиликтүү келишим” деген пикирди таратууга Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК”нын) кызматкерлери активдүү катышып жатканын аныктаган.

Алсак, 2022-жылы 17-ноябрда Кемпир-Абад маселеси Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканы тууралуу билдирүүнү Усубалы Каганат же ошол учурда USB MB деп аталган аккаунт активдүү түрдө бөлүшкөн.

Белгилей кетсек, Усубалы Каганат (Усубалы Мамбетов) Фейсбук социалдык тармагында “Ала-Тоо 24” каналынын берүүлөрүн жана президент Садыр Жапаровдун маектерин активдүү бөлүшөт. Фейсбукта УТРКнын кызматкери деп көрсөтүлбөсө да корпорациянын сайтында ага тиешелүү фоторепортаждар жана видеоматериалдар бар. 

Кемпир-Абад боюнча ушул билдирүү таратылгандан кийин ошол эле күнү УТРКнын башка кызматкерлери да бийликтин кадамын жактаган окшош билдирүүлөрдү тарата башташкан.

#Детектор: Жасалма маанай жараткан УТРКнын кызматкерлери

Кемпир-Абад маселесинде Кыргызстандын чоң жеңишке жетишкени тууралуу билдирүүнү бир гана журналисттер эмес, фейк баракчалар да бөлүшкөн. 

“Жарыкты үнөмдөгүлө!” 

Ага улай эле кыш келгенде электр жарыгы өлкө боюнча массалык түрдө өчүрүлө баштады. Бул жагдайды Бакиевдин учурундагы веердик өчүрүүлөр менен салыштырып, нааразычылыгын айткан пикирлер пайда болуп жатты. 

#Детектор: Жасалма маанай жараткан УТРКнын кызматкерлери

Дал ошол учурда “армия” өз ишине киришип, “Жарыкты үнөмдөгүлө!” деген маанидеги бир фабрикадан чыккандай постторду жазып чыгышкан.

#Детектор: Жасалма маанай жараткан УТРКнын кызматкерлери

“Учурунда светсиз, суукта кабагым-кашым дебей эле жашаганбыз. Нарында, Чаткалда, Чоң-Алайда дайым эле ушундай суук.

Бишкекте 1 жума суук болуп, сууктан улам айрым жерлерде свет өчүп калууда. Мына ошону сабыры жоктор улам соцтармактарга жазып, наалып жатышат.

Бул суук Казакстанды, Өзбекстанды дагы түйшүккө салды. Аларда свет, газ чогуу өчүп калып жатат. Бирок бизге окшоп кыйкырып, наалыган жок.

Аларга салыштырмалуу бизде абал Кудайга шүгүр. Электр энергиясын үнөмдөп койгула, напряжение болгон жерде күч келип өчүп калып жатат деп эскертип жатышат. Деле үнөмдөгөн адам жок, кайра болгон жарыгын күйгүзүп, жылыткычтарды сайып жатышат.

Туугандар, суук деле төмөндөп бара жатат, аз күндө күн жылып баштайт. Жер сабай бербей сабырдуу бололучу!”, — деп жазылган билдирүүдө. 

Бул мисалдардын баарында “Сабырдуу бололу, жарыкты үнөмдөйлү!” деген маани камтылат.

Мындай билдирүүлөрдөн кийин эле 21-январда президент Садыр Жапаров электр энергияга болгон баа кымбаттай турганын жарыялаган. 

Өлкө башчысы бул энергетика тармагынын карызын өстүрбөй кармап турууга багытталган кадам экенин билдирген. Ага ылайык, 2023-жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөт. 

Кемпир-Абаддын берилиши Кыргызстан үчүн “ чоң утуш” экенин айткан аккаунттар эми бул жолу элди жарыкты үнөмдөөгө баары бир учурда окшош ойлонуп чакыра башташкан.

Алардын көпчүлүгү УТРКнын жаңылыктарын жана президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгү боюнча постторду жарыялашат. Мындан сырткары, акыркы убактарда көмүр сатып алуу жана электр энергиясынын кымбатташы боюнча өкмөттүн кадамдарын кубаттаган бир канча постторду дагы бөлүшүшкөн. 

Башкача айтканда, УТРКнын кээ бир журналисттери бир убакта Кыргызстанда талкуу жараткан маселелер боюнча бийликти актаган постторду бөлүшүп турушкан.  

Чынында, “калкты энергияны үнөмдөөгө чакыруу” дүйнө жүзүндө практикада болуп келген көрүнүш. Максаты адамдардын жүрүм-турумун позитивдүү нукка буруу болуп саналат. 

Бирок жогорудагы жарык тууралуу постто манипуляцияланган маалыматтар айтылган. 

Мисалы, кириш бөлүмүндө эле пропаганданын жана манипуляциянын “көпчүлүккө апелляция”  (жалпы элдин ою катары көрсөтүү) деген түрү колдонулган. Анткени авторлор “бир убактарда светсиз жашап келбедик беле” деп көпчүлүктү ынандырууга аракет кылган. 

Эске салсак, бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда веердик өчүрүүлөр орун алып, электр энергияга болгон бааны көтөрүү аракети болгон. Жыйынтыгында буга байланыштуу  нааразычылыктар жаралган. 

Посттордун экинчи бөлүгүндө коңшу Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттеринде да электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөр жаралса да, алар “сабыр” кылып жатканы айтылат. 

Чынында, Өзбекстанда 9-ноябрдан тарта магистралдык газ түтүктөрүндөгү абанын кескин муздашы натыйжасында, жаратылыш газынын басымы төмөндөп, ЖЭБди отун менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралган. Буга байланыштуу өлкө бийлиги маал-маалы менен өлкө боюнча электр энергиясын өчүрүүгө аргасыз болгон.

Башкача айтканда, энергокризис коңшу мамлекеттерде дагы болгону чындык. Бирок ал жакта да түрдүү нааразычылыктар жана камоолор болгон.  Мисалы, Өзбекстанда энергетика тармагындагы кризистик кырдаалга жол берген жетекчилерге кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ошондой эле Өзбекстанда энергетикалык кризиске байланыштуу жай тургундар нааразычылык акцияларын уюштурушкан. 

Автор электр энергияны үнөмдөө тууралуу постто манипуляциянын “тандалма чындык” ыкмасын колдонгон. Мында маалыматта өзүнө пайдалуу гана бөлүгүн берип, калганын тыйып коет.

Айгүл Жапарованы “актоо” процесси жана УТРКнын журналисттери 

УТРКнын журналисттери бир гана президент Садыр Жапаров жана кыргыз өкмөтүнүн кадамын позитивдүү көрсөтүү менен гана чектелишкен эмес. 

Алар биринчи айым Айгүл Жапарованын Фейсбуктагы фейк баракчаларынан таратылган билдирүүлөр боюнча да постторду бөлүшүшкөн. 

#Детектор: Жасалма маанай жараткан УТРКнын кызматкерлери

Аталган посттор бир күндө бирдей жазуулар менен чыкканы көңүлдү бурат. Анткени бөлүшүлгөн посттордо сүрөт жана маалымат куюп койгондой окшош болуп берилет. 

Бул гана эмес, Садыр Жапаров Дубайда мурдагы президенттер менен жолуккандан кийин дагы “бирик кыргыз” деген маанидеги билдирүүлөрдү таратышканын, андагы манипуляция тууралуу “Медиахабдын” журналисттери айтып берген. Ага ылайык, мамлекеттик телеканалдар жасалма коомдук пикир жаратып, бир жактуу маалымат менен манипуляция кылган. 

Мындай караган адамга өзүнүн пикирин билдирип жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бир учурда окшош примитивдүү ойлорду, бир канча посттор жана комментарийлер менен берип жаткан мындай топторду илимий тилде  “технологиялык манипуляторлор” деп аташат.

Алар интернет аркылуу белгилүү бир топтун кызыкчылыгына жараша маалыматтарды таратып, массалык аң-сезимди манипуляциялоо менен адамдын психикасына тымызын таасир этишет. Анын максаты – массанын жүрүм-турумуна көзөмөл орнотуу жана аны тандоо эркиндигинен ажыратуу. 

Бул эмне үчүн кооптуу? 

“ПолитКлиника” медиасы “Миллиарддык маалымат. Өкмөт мамлекеттик маалымат каражаттарына асман чапчыган акчаларды коротот” аттуу дата-материалында жыл сайын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына республикалык бюджеттен 700 миллион сомдон ашык каражат бөлүнө турганын, алардын арасынан эң көп каражат УТРК аларын аныктаган.

Factcheck.kg сайтынын анализине ылайык, троллдор өз ээлерин мактаган же оппоненттерин жамандаган постторду жайгаштырышат. Ал эми фейктер өз кезегинде бул билдирүүлөрдү миңдеген аудиториясы бар түрдүү топтордун арасында массалык түрдө таркатышат. Ошондой эле бул маалыматтар синхрондуу түрдө бир убакта жана бирдей контекстте таратылат. 

Дүйнөдөгү кээ бир  мамлекеттерде, мисалы, Кытайда “50 cent Army”, ал эми Вьетнамда “Force 47” деген веб-бригадалар иштей турганы тууралуу маалыматтар бар. Аталган топтордун максаты өкмөттүн жана партиянын иши жөнүндөгү негативдүү пикирлерге каршы күрөшүү. 2017-жылдагы изилдөөгө ылайык, Кытайда “50 cent Army” бригадасы бир жыл ичинде Кытай өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн колдогон 450 миллионго жакын билдирүүлөрдү калтырышкан. Кызыгы, алардын жарымынан көбүн мамлекеттик жумушта иштеген кызматкерлер түзгөн. Изилдөөчүлөр мындай тенденция интернет айдыңындагы “башка пикир айтуу” же “өкмөттүн реалдуу ишин” чындап баалоону тыйып, пикирлердин цензурасына жол ача турганын айтып келишет. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты