#Детектор: Орусиянын саясатынын Кыргызстандагы эпкиндери

Орусиялык рэпер Алишер Моргенштерндин Кыргызстанга келип, Бишкектеги музыка фестивалына катышары тууралуу маалымат коомчулукта чуу жаратып, түрдүү пикирлер айтылды. Ал тургай, бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, депутаттар Алишер Козуев менен Шайлообек Атазов артисттин Кыргызстанга келүүсүнө каршы пикирин айтып, маданият министринен чара көрүүнү талап кылышты. 

Мындан көп өтпөй Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги музыка фестивалынын уюштуруучуларына Моргенштерндин Бишкектеги концертте ырдап чыгуусуна каршы экени жазылган кат жолдогон. Ушундан кийин фестивалдын уюштуруучулары иш-чара Моргенштернсиз өтөрүн кабарлашты.

Маданият министрлиги жогорудагы кадамын “орусиялык артисттин чыгармачылыгы каада-салтка каршы келери менен” түшүндүргөн.

Анткен менен социалдык тармактарда артистти Кыргызстанга келтирбөө аракетин Орусия менен байланыштыргандар дагы болду. 

Себеби, Моргенштерн Орусиянын Украинадагы аскердик агрессиясын айыптап, кийин Орусияда “чет элдик тыңчы” деп табылган. 

Ошондой эле, буга чейин согушка каршы пикирин билдирген орусиялык “Би-2” жана “Порнофильмы” топторунун Бишкекте пландалган концерттери дагы токтотулган болчу. 

“Детектор” долбоорунун алкагында орус-украин согушуна каршы чыккан ар түрдүү тармактагы адамдардын жана топтордун Кыргызстанда дагы терс мамилеге кабылып жатканы жөнүндө баяндайбыз.

Бишкектеги концерти токтотулган “чет элдик тыңчылар”

“Порнофильмы” тобу

Орусиялык “Порнофильмы” панк-рок тобу 10-июнда Бишкектеги клубдардын биринде концерт бермек. 

Бирок 7-июнда артисттер Телеграм-каналында Бишкектеги концертти токтотууга мажбур болушканы тууралуу кабарлашкан.

Кийинчерээк алар концерттин токтотулганынын себебин түшүндүрүп, иш-чара өтө турган клубга күч органдарынын кызматкерлери келип коркутушканын айтышкан:

Биз альтернативдүү жолду издедик, бирок Бишкектеги бардык аянтчаларга биздин концертти өткөрүүгө уруксат берилбесин тез арада так, даана түшүндүрүп коюшкан. Көпкө созулган сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок”.

“Порнофильмы” тобу Орусия  2022-жылы 24-февралда Украинага толук масштабдуу кол салууну баштаганда дароо бийликтин бул кадамын ачык айыптап чыккан. 

Кийин алар Орусиядан чыгып кетип, Европада башка артисттер менен бирге кайрымдуулук концерттерин берип, чогулган каражатты согушта жабыркаган украиналыктарга которуп турушкан.

Өткөн жылы июнда “Порнофильмы” тобунун “ВКонтактедеги” баракчасы Орусиянын Башкы прокуратурасынын талабы менен аталган өлкөнүн аймагында бөгөттөлгөн. Себеби, алар баракчанын башкы бетине “Сиз музыка угуп жаткан чакта Украинада адамдар өлүп жатат! Согушту токтоткула!” деген жазуу менен Украинанын желегин коюп коюшкан.

Былтыр жайында жергиликтүү маалымат каражаттары согушту сындаганы үчүн Орусияга кирүүгө тыюу салынган артисттердин тизмеси бар экенин кабарлашкан. “Порнофильмы” тобу дагы дал ошол “кара тизмеге” киргизилген.

“Би-2” тобу

“Би-2” тобунун Бишкектеги концерти 18-июнга мерчемделген. Бирок 15-июнь күнү иш-чаранын уюштуруучулары концерт “түшүнүксүз себептерден улам” болбой калганы тууралуу Инстаграмда кабарлашкан. 

“Би-2” тобу 2022-жылы май айында Орусиянын Омск шаарында пландалган концертте “Zа президента” деген жазуусу бар орус желегинин фонунда ырдоодон баш тартышкан. Ошондон кийин  топтун Орусиянын шаарларында өтүүсү пландалган бир канча концерти үзгүлтүккө учураган.

Ушул жылдын май айынын аягында топтун солисти Лёва (Егор Бортник) Инстаграмда Орусияга кайтып барбасы тууралуу айткандан кийин Юстиция министрлиги тарабынан “чет элдик агент” болуп табылган. 

Министрлик бул чечимине “артист Орусия Федерациясы, анын жарандары жана мамлекеттик бийлик органдарына карата терс пикир айткан жана Украинадагы “аскердик операцияны” сындаган” деп түшүндүрмө берген.

Айтмакчы, “Би-2” тобу дагы Орусияда концерттерге чыгуусуна тыюу салынган артисттердин расмий эмес тизмесине кирет.

Моргенштерн

Алишер Моргенштерн Бишкекте 23-24-июнда өтүүсү пландалган Alga Fest музыка фестивалынын алкагында ырдамак. 

Бирок артисттин Кыргызстанга келери тууралуу маалымат айрым жарандардын нааразычылыгын жаратып, социалдык тармактарда каршы пикирин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, депутаттар Алишер Козуев менен Шайлообек Атазов артисттин Кыргызстанга келүүсүнө каршы пикирин айтып, маданият министринен чара көрүүнү талап кылышты.  

Мындан көп өтпөй Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги музыка фестивалынын уюштуруучуларына Моргенштерндин Бишкектеги концертте ырдап чыгуусуна каршы экени жазылган кат жолдогон. –

#Детектор: Орусиянын саясатынын Кыргызстандагы эпкиндери

Ушундан кийин фестивалдын уюштуруучулары иш-чара Моргенштернсиз өтөрүн кабарлашкан.

Кийин фестиваль кийинкиге жылдырылганын маалымдашты.

Алишер Моргенштерн Орусия Украинага толук масштабдуу кол салууну баштай электе эле Дубайга көчүп кеткен. Буга Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастыркин аны маңзат сатууга айыптаганы себеп болгон. 

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин 2022-жылы 13-мартта Моргенштерн “12” аталышындагы ырынын клибин жарыялаган. Анда согуш тууралуу айтылып, Путинди ачык айыптоо болбосо дагы “чоң агалар кыргынга жөнөтүшөт” деген саптар камтылган. 

Ошол эле жылы май айында Орусиянын Юстиция министрлиги Моргенштернди “чет элдик тыңчы” деп тапкан. 

Орусияда “чет элдик тыңчы” деп табылган жана ырдоого уруксат берилбеген артисттердин Кыргызстандагы концерттери эмне үчүн  токтотулуп жатканы боюнча саясат таануучу Аида Алымбаева “Настоящее Время” кызматына пикирин билдирген.

Анда саясат таануучу Кыргызстанда Орусия Федерациясынын атайын кызматынын таасири дайыма эбегейсиз болуп келгенин белгилеген. Ал эми концерти токтотулган ар бир артисттин жагдайын өз-өзүнчө караш керек экенин айткан. 

Би-2” тобу өткөн жылы күзүндө концерт берип жүргөнүн билем, ал кезде эч кандай көйгөй болгон эмес. Бул жылы, менин түшүнгөнүм боюнча, уюштуруучулар менен келишпей калганы үчүн көйгөйлөр жаралды. Бул жерде атайын кызматтын таасири барбы же жокпу, билбейм. Бирок уюштуруучулар өзүлөрү Казакстандагы негизги уюштуруучулар менен келишпей калышканын айтышты.

Моргенштернди ала турган болсок, Кыргызстандагы динчилдиктин деңгээли өтө жогору. Моргенштрендин ырларынын мазмуну динчил топторго жакпайт. Ошондуктан бул жерде атайын кызматка караганда ошолор тараптан (динчил топтор- ред.) катуу кысым болду.

«Порнофильм» тобуна келсек, менимче, бул жерде алар өздөрү да моюнга алышкандай, күч түзүмдөрүнүн кандайдыр бир таасири болгон.

Ар бир учурду өзүнчө кароо керек. Бирок Кыргызстанда Орусиянын телеканалдары жүргүзүп жаткан пропагандага кошумча атайын кызматтын таасири абдан чоң”, — деген Алымбаева. 

Согушка каршы чыккан активисттердин кармалышы жана депортацияланышы

Концерттердин токтотулуусунан тышкары, Кыргызстанда орус-украин согушуна каршы пикирин билдирген орусиялык активисттер кармалып, ал тургай өлкөдөн чыгарылган учурлар дагы катталууда. Мисалы, согушка каршы чыгып, аскер комиссариатын өрттөдү деп айыпталган активист Алексей Рожков 6-июнда Орусияга депортацияланды.  

#Детектор: Орусиянын саясатынын Кыргызстандагы эпкиндери

“Тилектештик зонасы” деп аталган укук коргоо долбоору активист Рожков Орусияга депортациялангандан кийин тергөө абагына киргизилгенин кабарлаган. 

Укук коргоочулардын айтымында, активистке карата козголгон кылмыш иши Свердлов облусунун Березовск шаардык сотунда кайрадан карала баштады.

Алексей Рожков Орусияда алгачкылардан болуп согушка каршы чыккан активисттердин бири. Ал каршылык иретинде 2022-жылы мартта аскер комиссариатына өрт койгон учурда кармалып, тергөө абагына киргизилген. 

Ага карата алгач «Бейбаштык жана өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, аскер комиссариатынын имаратында күзөтчү болгон жана бул тууралуу Рожков билген. Күзөтчү жабыркаган эмес, өрт өчүрүлгөн. Ошол эле маалда Рожковду кармаган полиция имаратта эч ким болбогонун билдирген.

Кийин Рожковго козголгон кылмыш ишиндеги берене «Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу аракети» беренесине өзгөртүлүп, активисттин баш коргоо чарасы каралып, өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Орусиянын Башкы штабы «аскер комиссариаттарынын өрттөлүшү теракт катары караларын жана 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы болорун» жарыялагандан кийин Рожков Орусиядан кетүүнү чечип, 2022-жылы декабрдын аягында Кыргызстанга келген.

Рожковдун жактоочусу Камиль Исабековдун айтымында, активист Кыргызстандагы каттоосун узарткан күндүн эртеси кармалып, УКМКга жеткирилген. Ал жактан аны аэропортко алып барышып, атайын кызматтын эки кызматкери Орусияга чейин коштоп барган. Орусияда аларды Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери тосуп алышкан.

Мындан тышкары, июнь айынын башында эле согушка каршы чыгып, Кыргызстанга башпаанек издеп келген орусиялык дагы эки активист кармалды. 

Орусиядагы “Солчул блок” кыймылынын активисти Лев Скорякин 9-июнда Бишкекте кармалып, Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Солчул блок” кыймылынын маалыматы боюнча, Скорякин жана кыймылдын дагы бир активисти Руслан Абасовго карата Орусияда 2021-жылдын декабрь айында «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Аларга кылмыш ишин козгоого коопсуздук кызматкерлеринин күнүндө Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) имаратынын жанында өткөн митинг себеп болгон. Активисттер ФСБнын Москванын Түштүк-Батыш округу боюнча бөлүмүнүн жанында от жагып, «Чекисттердин күнү менен!» деген баннерди илип коюшкан. Андан соң Скорякин менен Абасов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

#Детектор: Орусиянын саясатынын Кыргызстандагы эпкиндери

Жети айдан кийин алар абактан чыгарылган. «ОВД-Инфо» басылмасы ушул жылдын 10-январында Абасовго издөө жарыяланып, Скорякиндин иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн жазган. 27-январда Скорякин Орусиядан чыгып кеткен, февраль айында ал сыртынан соттолуп, апрелде издөө жарыяланган.

Скорякин Кыргызстанга ушул жылдын февраль айында келген. Ал Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине башпаанек сурап расмий кайрылган. 

Министрликке башпаанек сурап кайрылган дагы бир активист Алена Крылова Бишкекте кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилгени 11-июнда белгилүү болду. 

#Детектор: Орусиянын саясатынын Кыргызстандагы эпкиндери

Алена Крылова Орусиядагы «Адам укуктары үчүн» кыймылынын мурдагы маалымат катчысы болгон. Ошондой эле ал Орусияда экстремисттик деп табылган “Солчул каршылык” кыймылынын катышуучусу. Крыловага карата «мекенинде экстремисттик бирикме түзгөн” деген айып менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

“Адилет” укуктук клиникасынын юристи Марат Кыдыров “Азаттыкка” Крылова Кыргызстандан башпаанек сурап, расмий түрдө өтүнүч келтиргенин, ошондуктан качкын макамын берүү же бербөө чечими кабыл алынганга чейин аны өлкөдөн чыгарууга болбой турганын билдирген. Юрист эгер башпаанек берилбей калса, анда Орусияга экстрадиция кылууга жол ачыларын белгилеген.

Кызыгы, Лев Скорякин менен Алена Крылова экөө тең Бишкекте адамды жүзүнөн таанып, аныктай турчу акылдуу камералардын жардамы менен кармалган. 

13-июнда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Көз каранды эмес өлкөлөр шериктештигинде (КМШ) мамлекет аралык издөө жарыяланган адамдарды видео камералардан таанып, аныктоо системасы иштей баштаганын, анын жардамы менен 57 адамды кармашканын маалымдаган.

Кыргыз-Орус Славян университетиндеги иштен жапырт айдалуулар

Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн макулдашуусу менен ачылган Кыргыз-Орус Славян университетинин согушту айыптаган окутуучуларынын кызматтан жапырт алынуусу дагы дал ушул июнь айына туш келди. 

Алгач эле окуу жайды ачылгандан бери жетектеп келе жаткан ректор Владимир Нифадьевдин кызматтан алынганы маалым болду. 

“Кактус Медиа” билдиргендей, Нифадьевди кызматтан алуу тууралуу буйрук Москванын өзүнөн келген жана мындай чечим ректор үчүн күтүүсүз болгон. 

Муну менен бирге университеттин жаңы жетекчилиги кийинки окуу жылынан тарта 20 чакты окутуучу менен эмгек келишимин узартпай турганын билдирген. Алардын арасында профессорлор, кафедра башчылары, факультеттин декандары бар. Университет мындай чечимдерге түшүндүрмө берген эмес. 

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары окуу жайдагы кызматтан алуулардын себебин окутуучулардын жаш-курагы менен байланыштырышкан. Бирок окуу жай мындай божомолорду четке кагып, кадр саясатындагы өзгөрүүлөрдүн окутуучулардын жаш-курагы менен эч кандай байланышы жок экенин кабарлаган.

Окуу жайдын кызматкерлери “Кактус Медиага” кызматтан жапырт алуулар боюнча комментарий берип, Москва “буроолорду бекемдеп”, университеттеги “башкача ойлонгондордон арылууну” чечкенин божомолдошкон.

Себеби, иштен четтетилип жаткандар Орусиянын Украинадагы аскерий агрессиясына каршы көз карашын билдирип келишкен. 

#Детектор: Орусиянын саясатынын Кыргызстандагы эпкиндери

КРСУ кызматтан жапырт алуулар тууралуу расмий түшүндүрмө бербесе дагы, Москвада каттоодон өткөн “Станрадар” сайты бул окуялар боюнча макала жарыялаган. 

Анда “Славян университетинде орус салык төлөөчүлөрүнүн акчасына профессорлор ректордун макулдугу менен русофобиянын очогун жандырганы” жазылат.

Кыргызстан орус-украин согушу башталгандан бери нейтралдуу позицияда экенин айтып келет. Бирок жогоруда саналып өткөн фактылар өлкөнүн нейтралдуулугуна шек келтирбейби деген суроону жаратпай койбойт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты