#Детектор: Масалиев Орусияны колдоону сунуштады. Кыргызстан үчүн кесепети кандай болот? 

  • 2 года мурун

Ушул жылдын 4-сентябрь күнү, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Орусиянын Украинага каршы ачкан согушунда Орусияны колдоону сунуштады. 

Масалиевдин айтымында, Кыргызстандын буга чейинки нейтралдуу позициясын туура экендиги, бирок азыркы учурда Орусияга жардам берүү багытын ойлонуш керек деген пикирин билдирди

Исхак Масалиевдин сунушуна каршы пикирлер айтылып, социалдык тармактарда талкууга алынууда.

Социалдык тармактагы пикирлер:

“Кыргызстан эмнеге баскынчы, аргессор өлкөгө жардам бериши керек?! Дүйнөгө бүлүк салган Кремлге эмнеге кол кабыш кылыш керек?! Эмнеге дүйнөлүк зулумга ортоктош болуш керек?! 2022-жылы 22- февралда ким, кимдин өлкөсүнө басып кирди? ЖККУнун эми эстедиңерби? Тажикистан Кыргызстанга кол салганда бул уюм каякта эле? Сиз эмнеге ошондо бул маселени көтөргөн жоксуз? 2010-жылы жардам сураганда ЖККУ былтыйып туруп бергенин унуттуңузбу? Ошончолук эле мигранттарды ойлойт экенсиз,буга чейин эмнеге мигранттардын акысын коргош үчүн үн каткан жоксуз?… Өлкө жетекчилиги “нейтралитет” деп так жана даана айтпадыбы?!”- деп жазган саясат талдоочу Руслан Акматбек

“Коммунисттер саясий партиясынын лидери жана Бүтүн Кыргызстан партиясынан VII-чи чакырылышына депутат болуп келген Масалиев Исхак Абсаматович эмне дейт? Эмне демек эле, Оруссияны толук кандуу колдошубуз керек деген ойду элге ыргытты! Мен каршы эмесмин үй-бүлөөсүн алып алып колдоп, андан ары окоп казып согушуп келсе деле каршы эмесмин. Эми элдин ой-пикирин угалык. Балким 316-аткычтар дивизиясынын башчысы генерал-майор Иван Панфиловтун аскерлерлериндей болуп Панфиловчулардай, келечекте Масалиевчилер дивизиясы деп тарыхта калып калаарсыңар ыя?”- деген Фейсбук колдоонуучу Эрбол Бекинович

“Исхак Апсаматович,сиз өзүңүздүн балаңызды жөнөтүүгө даярсызбы? Эгер агрессивдүү окуппантка ушундай эле жардам бергиңиз келип жатса,балким,өзүңуз дагы барасыз. Кыргызстандыктардын балдарын жайына эле коюңуз. Тажикистан кол салганда ЖККУ кайда эле? Ошондо сиз каякта элеңиз? Эмнеге сиз ошол учурда унчуккан эмессиз? Ошондо эмнеге ушундай “катуу” чакырык менен чыккан эмессиз? Жалгыз Орусиянын гана кызыкчылыгына ойногон ЖККУнун куурчагы болгонду токтотуш керек”, — деген Фейсбук колдонуучу Асылкан Шайназарова

ПолитКлиника медиасы Детектор берүүсүнүн алкагында Масалиевдин билдирүүлөрүнүн мыйзамдуулугун жана Кыргызстанга тийгизе турган таасирин анализдеп көрдү. 

Кыргызстандын орус-украин согушундагы позициясы

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаган. Андан кийин көптөгөе өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөү дагы өзүнүн позицияларын билдиришкен.  

Ал эми ошол кездеги Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, орус-украин согушу саясий-дипломатиялык жолу менен чечилиши керек экендигин, жана эки өлкөнүн эли Кыргызстан үчүн жакын элдер экенин билдирген

Өлкө башчысы Садыр Жапаров, 2022-жылы Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргызстан орус-украин согушунда нейтралдуу позицияны кармануу керектигин айткан

Кыргызстан нейтралдуулукту кармануусу зарылбы?

Бириккен улуттар уюмунун Мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө жол берилбестик жөнүндө, алардын көз карандысыздыгын жана суверенитетин коргоо жөнүндө декларациясында, эч бир мамлекет, башка мамлекеттин ички жана тышкы иштерине кандай гана себеп болбосун, түз же кыйыр түрдө кийлигишүүгө укугу жок деп жазылган.

1. Эч бир мамлекет башка мамлекеттин ички жана тышкы иштерине кандай гана себеп болбосун түз же кыйыр түрдө кийлигишүүгө укугу жок. Натыйжада, куралдуу кийлигишүү гана эмес, ошондой эле мамлекеттин укуктук субъектилигине же анын саясий, экономикалык жана маданий элементтерине каршы багытталган кийлигишүүнүн башка бардык түрлөрү жана ар кандай коркунучтар айыпталат.

2. Эч бир мамлекет башка мамлекетти өзүнүн суверендүү укуктарын жүзөгө ашырууга баш ийдирүүгө же андан кандайдыр бир артыкчылыктарды алууга мажбурлоо үчүн экономикалык, саясий же башка мүнөздөгү чараларды колдоно албайт жана колдоно албайт. Бардык мамлекеттер ошондой эле башка мамлекеттин түзүлүшүн зомбулук жолу менен өзгөртүүгө багытталган Куралдуу, диверсиялык же террористтик ишти уюштуруудан, жардам берүүдөн, түзүүдөн, каржылоодон, кубаттоодон же жол берүүдөн, ошондой эле башка мамлекетте ички күрөшкө кийлигишүүдөн алыс болушу керек.

Исхак Масалиев өзүнүн сунушунда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмумунун  мүчөсү экенин дагы белгиледи. Масалиев Кыргызстан уюмдун мүчөсү катары Орусияны колдоо керектигин айтты.

Жамааттык коопсуздук келишиминин 9-беренесинде Кыргызстан ЖККУнун алкагында Орусияга кандайдыр бир жардам көрсөтүү үчүн, уюмдун башка мүчөлөрү менен биргеликте иш алып барары жазылган

“Катышуучу – мамлекеттердин ортосунда ушул Келишимдин кайсы бир жобосун чечмелөөгө же колдонууга карата келип чыккан ар кандай маселелер достук, өз ара урматтоо жана өз ара түшүнүшүү рухунда биргелешип чечилет”.

Белгилүү болгондой, 6-августта Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын Курск областына чабуул жасаган. ВВС Орус кызматынын маалыматы боюнча,  азыр алар миң чарчы километрден ашык аянтты, ондогон айылдарды жана Сужу райондук борборун кармап турушат. 

Бул маселе боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун басма сөз кызматы да билдирүү тараткан

“Биз кырдаалдын өнүгүшүн кылдаттык менен байкап турабыз жана уюмдун уставына ылайык иш алып барабыз. Катчылык жана Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү иш тартибинде маалымат алмашат. Зарыл болгон учурда ЖККУ катчылыгы мындай учурда каралган бардык жол — жоболорду белгиленген мөөнөттө ишке ашырат”, — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Уюм аскердик жардам берүү маселеси мүчө мамлекет расмий түрдө кайрылганда гана көтөрүлө тургандыгын эскерткен. Бирок, азыркы учурда Курск облусунун абалына байланыштуу Орусия тарабынан мындай кайрылуу болгон эмес деп билдиришкен.

Саясат таануучу Руслан Акматбек, Масалиев ЖККУнун алкагында жардам берүү сунушу менен жалпы коомчулукту ыңгайсыз абалга түшүрдү деп эсептейт:

#Детектор: Масалиев Орусияны колдоону сунуштады. Кыргызстан үчүн кесепети кандай болот? “Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин таанымал депутаты да. Ошол кишинин ЖККУ тарабынан эч кандай суроо талап болбой эле, жардам бериш керек деген ойду айтканы баарыбызды таң калтырды. 2022-жылдан бери Орусия Украинага басып кирди. Агрессор өлкөсү. Бизде бир топ саясий акциялар уюштурулду. Андан соң өлкө жетекчилиги так позициясын белгилеген бул — “нейтралитет”. Бул тууралуу Эдил Байсалов да айтып чыккан. Ушундай кырдаалда Масалиевдин айтканы абдан көп суроолорду жаратты. Коомчулук аябай каттуу реакция көрсөттү. Көбүнчөсү “Биз эмнеге аралашабыз?!” деген таризде. Эгерде Орусия пропагандасы Масалиевдин сөзүн демилге катары кабыл алып, “Макул, жардам бергиле!” десе эмне дейт элек? Масалиев жалпы коомчулукту ыңгайсыз абалга түшүрүп койду”. 

Орусияга көмөктөшүү кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

Орус-украин согушу башталганына эки жылдан ашуун убакыт өттү. Бул аралыкта бир нече Кыргызстандык компанияларга батыш өлкөлөрү санкция жарыялады. Ал компанияларды Орусияга көмөктөшкөн деп айыпташууда.

Ал эми ушул жылдын август айынан тарта кыргызстандыктарга акча которууда кыйынчылыктар жаралды. Маселен, көп кыргызстандыктар колдонгон “Мбанк” банкы 16-августтан баштап Орусиянын “Сбербанк”, “Тинькофф”, “МТС” сыяктуу ири банктары менен акча которуулар токтотулгандыгы белгилүү болду. “Мбанк” санкцияга илинбеген банктар аркылуу, банктык реквизиттерди колдонуу менен гана жүргүзүлө тургандыгын маалымдады

“2024-жылдын 16-августан баштап Орусиянын банктары аркылуу (санкцияланган банктардан тышкары) Россияда иштеген жарандардын жеке акча которуулары банктык реквизиттерди колдонуу менен гана жүргүзүлө тургандыгын маалымдайбыз”.

Ошондой эле, Орусия банктары аркылуу жана “Мбанк” тиркемеси аркылуу телефон номери боюнча которуулар эки тараптуу токтотулгандыгын билдиришти. Маалымат иретинде айта турган болсок, “Мбанк” мобилдик тиркемеси Google Play сервисинде миллиондон ашуун жолу көчүрүлгөн. 

Саясат таануучу Айболот Айдосов “ПолитКлиника” медиасына берген маегинде, Кыргызстан Орусияга колдоо көрсөтсө, өлкөгө санкция салынышы мүмкүн экенин билдирди:

#Детектор: Масалиев Орусияны колдоону сунуштады. Кыргызстан үчүн кесепети кандай болот? “Бүгүнкү күнү Кыргызстанга мындай позиция керек эмес. Анткени,  Кыргызстан Батыш мамлекеттери менен соода-сатыкты токтоткон эмес. Кыргызстанга бүгүнкү күнү санкциялар керек эмес. Себеби санкциялар биздин экономикабызга таасир бериши мүмкүн. Мындай пикирлер саясатчылардын арасында болушу мүмкүн, бирок жалпы мамлекеттин кызыкчылыгына мындай пикир балким эртерээк деген ойдомун. Президенттин, ТИМдин азыркы учурда позициясы —  нейтралдуу бүгүнкү күнү биздин кызыкчылыбызга дал келип жатат. Кыргызстанга санкция салуу коркунучу бар. Себеби бүгүнкү күнү Европа мамлекеттеринин атайын кызматтары “Кыргызстандын ичиндеги жеке компаниялар согушка катышып жатат” деп айтып жатат. Азыркы учурда 7-8 компанияга санкция салынды. Бул санкциялар бир гана жеке компанияларга колдонулуп жатат, бирок эгерде биз ачык саясатка өтсөк Кыргызстанга терс таасирин бериши мүмкүн”, — деп билдирди саясат таануучу Айболот Айдосов.

Кылмыш жоопкерчилигине тартылган Кыргызстандыктар

Орусия Украина каршы согушту баштагандан тарта, Кыргызстандын жарандары да согушка катышып, андан соң жоопкерчиликке тартылган учурлар катталууда. Мисалы, Аскар Кубанычбек уулу аттуу жаран 7 жылга эркинен ажыратылган, бирок үч жылдык сыноо мөөнөтү дайындалып, бошотулган эле. 

Ошондой эле Бекназара Боругул уулу аттуу жаран да кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Ал дагы күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Кийин мунапыс менен абактан бошотулганы белгилүү болгон.

Жакында эле ВВС Орус кызматынын жана “Медиазона” басылмасынын журналисттери Украинага каршы согушта Орусия тараптан 68 миңден ашуун аскер өлгөнүн ырасташкан. Алардын ичинен 26 кыргызстандык бар экенин жазышты

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты