Депутаттардын дипломун текшерүү мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

6-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов депуттаттардын дипломун текшерүү Баш мыйзамга каршы келе турганын айтып, бийликтин кадамдарын “пиар” деп атаган. 

Ал өз сөзүндө бул кадамды жасоо үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү керектигин белгилеген. 

“Жогорку Кеңештин депутаттары боюнча эч кандай маселени көтөрбөш керек. Биз башкы мыйзам менен жашайбыз да. Башкы мыйзамда, азыр эсимде жок 76-берене болуш керек. Ошол жерде так жазылып турат, “Кыргыз Республикасында 25 жаштан жогору жарандар депутат боло алат” деп. Ал жерде “жогорку билимдүү болуш керек” деген пункт жок. Ошондуктан же Баш мыйзамды өзгөртүш керек же болбосо депутаттардын диплому менен элди башка нукка бурбаш керек”, — деп айткан. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Жасалма диплом чуусу

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 20-январда бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин диплом жана билими тууралуу аттестаттары боюнча масштабдуу текшерүүнү тапшырган. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 5-апрелдеги билдирүүсүнө ылайык,  масштабдуу текшерүү башталгандан бери 183 мамлекеттик кызматкердин диплому жасалма экени аныкталган.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин 3 депутаты, 1 министр, 2 судья, ички иштер органдарынын 15 кызматкери, билим берүү тармагында эмгектенген 40 кызматкер, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу 1 өкүлү, 2 мэр жана вице-мэрлер бар экени белгилүү болду. Тизмеде ошондой эле өлкөдөгү ведомстволордо жана муниципалдык кызматтарда бир нече жыл иштеген адистердин да жасалма диплому бар экени жазылган.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, текшерүү жүрүп жаткан мезгилде 40 муниципалдык кызматкер дипломдору жасалма болгондуктан, өз каалоосу менен жумуштан кеткен. Жасалма дипломдор эң көп Кыргыз Улуттук университетинен алынганы белгилүү болуп, УКМК жасалма диплом берген ЖОЖдорго да чара көрүлөрүн эскерткен. 

Белгилей кетсек, жасалма диплом боюнча чуу эки жолу катуу талкууга алынган. Биринчи жолу, Жогорку Кеңешке “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен депутат болуп келген Орозайым Нарматованын диплому жасалма деп таанылган учурда болуп өткөн. УКМК Нарматованын 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска “мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу” маалыматты парламенттик шайлоо учурунда алганын билдирген. Кийинчерээк Орозайым Нарматованын мандаты алынып, парламенттен четтетилген. 

Экинчи жолу жасалма диплом чуусу Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда дипломуна байланыштуу суракка чакырылып жүргөн мугалим асынып алганы белгилүү болгон жана бул окуядан улам коомчулукта талаш-талкуу күчөгөн.

Башкача айтканда, жасалма дипломдорду текшерүү бир гана Жогорку Кеңештин депутаттарына карата жүргүзүлүп жаткан жок. Ошондой эле 2014-2015-жылдары жогорку кызматта отурган адамдардын диплому жасалма экени тууралуу маалыматтары чыккан. Айрым депутаттардын кош жарандыгы аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да катталган.

Мыйзамдагы талаштуу беренелер 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинде Жогоку Кеңештин депутаты болуп 25 жаштан жогорку жарандар шайлануу укугуна ээ экени жазылган. 

Депутаттардын дипломун текшерүү мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Мыйзамда депутат болуп шайлангандардын жогорку билими тууралуу айтылган эмес. 

Бирок, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү”  мыйзамда жогорку билимдүү жарандар талапкер боло ала турганы белгиленет. 

Депутаттардын дипломун текшерүү мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Башкача айтканда, Баш мыйзамда белгиленбесе да депутаттардын “жогорку билимдүү” болушу керектиги тууралуу талап башка мыйзамдарда камтылган. 

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдагы депуттардын кол тийбестик укугун эске  алганда да, “дипломун текшерүүгө болбойт” деген пункт жок. 

Башкача айтканда “жогорку билимдүү” болушу керектиги тууралуу талап мыйзамдарда бар. 

Ал эми Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 359-беренесине ылайык “Документтерди жасалмалоого” шектелгендер 5 жылга чейин эркинен ажыратылып, айып пул салынат. 

Депутаттардын дипломун текшерүү мыйзамга каршы келеби? Текшеребиз

Жыйынтык:  Баш мыйзамда Жогорку Кеңештин  депутаттарынын “жогорку билимдүү” болушу керектиги тууралуу белгиленбесе да, бул талап башка мыйзамдарда бар. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты