Депутаттар каникулга тарады
- 2 года мурун
30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясынын жабылуу аземи болду.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституцияннын 83-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 34-беренесине ылайык, VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясы жабык деп жарыялады.
Андан соң Улуттук гвардиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни аткарылды.
Муну бөлүшүү