Депутаттар Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча маалымат угууну сунушташты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча маалымат угууну сунушташты.

Депутат Шайлообек Атазов Бишкек шаарындагы ыш ден соолукту бузуп жатканын айтты. «Бишкек шаарындагы абанын булганышы орчундуу маселе болуп турат. Бишкек шаарындагы ыш ден соолукту бузуп жатат. Абанын булганышынан жаш балдардын өпкө оорусу күчөдү. Депутаттар, өкмөт жыйын өткөрдү. Жыйындын жыйынтыгы жок. Бардык чиновниктер кайдыгер карап жатат. Тийиштүү жетекчилерди чакырып, көйгөйдү чечүүнүн жолун карайлы», — деди Атазов.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бул маселени кийинки аптага коё турганын айтты.

Анда Сүйүн Өмүрзаков кийинки аптага калтырай бул көйгөйдү бүгүн кароо керектигин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты