Депутаттар Баткендеги чек арачылар жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Тазабек Икрамов, Нурлан Ражабалиев, Мирлан Самыйкожо жана Акбөкөн Таштанбеков Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу жеринде иш алып барууда.

Эл өкүлдөрү Көк-Таш айылында чек арачылар жана милициянын атайын полку менен жолугушуп, мекен сакчыларына, Ата Мекенибизди көздүн карегиндей сактап жаткан баатырларга ыраазычылык билдиришти.

Мындан тышкары депутаттар Максат, Достук, Арка, Жаштык жана Кулунду айылдарынан келген жарандар менен Маргун айылында жолугушту. Аталган айылдардын тургундарынын чек арага жана учурдагы абалга байланыштуу орчундуу көйгөйлөрүн угуп, аларга гуманитардык жана каржылык жардам көрсөтүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты