Депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерди мамлекеттик күзөт кайтарганына каршы болду. Бул мыйзамда кандай каралган? Текшеребиз

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерди эмне үчүн мамлекеттик күзөт кайтарышы керек деген пикирин айткан.

“Европа мамлекетинде жетекчилер велосипед менен жумушка барышат. Биздин чиновниктерге мамлекеттик күзөтчүлөрдүн эмне кереги бар? Күзөттөрдү жок кылыш керек. Тролейбус менен жүрүшсүн. Экс-президенттерди кайсы эмгеги үчүн мамлекеттик күзөтчүлөр кайтарат. Сооронбай Шариповичти эмне кыласынар кайтарып, ал Кара-Кулжага барып кой кайтарбайбы. Эмне үчүн Роза Отунбаеваны кайтарат? Мамлекет карызга батып жатса аларды кайтаруунун кереги жок. Мамлекетти карызга батырган үчүн аларды кайтарабызбы? Президент менен Жогорку Кеңештин төрагасын эле мамлекеттик күзөтчүлөр кайтарышы шарт”, — деди ал.

Депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерди мамлекеттик күзөт кайтарганына каршы болду. Бул мыйзамда кандай каралган? Текшеребиз

Экс-президент макамы Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевага берилген

Учурда экс-президент макамы Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада бар. Ал эми Аскар Акаев, Курманбек Бакиевге бул макам берилген эмес. Алмазбек Атамбаевге макам берилип, кайра ажыратылган. 

Депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерди мамлекеттик күзөт кайтарганына каршы болду. Бул мыйзамда кандай каралган? Текшеребиз

Экс-президент макамы берилгенде кандай артыкчылыктар болот?

“Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө” мыйзамында экс-президенттерге берилген артыкчылыктар жазылган

  • Экс-президентке жана анын жубайына, жашы жете элек балдарына акысыз медициналык тейлөө көрсөтүлөт.
  • Пенсиялык куракка жеткенге чейин президенттин бир айлык эмгек акысынын 75 пайызынын өлчөмүндөгү акчаны өмүр бою ай сайын алып туруу, ал эми пенсия курагына жеткенде — президенттин бир айлык эмгек акысынын 75 пайызынын өлчөмүндөгү пенсия менен камсыз болуу укугуна ээ. 
  • Экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. 
  • Анын көзү өткөндөн кийин анын үй-бүлө мүчөлөрүнө ай сайын жөлөк пул дайындалат.

“ПолитКлиника” медиасы депутаттын айтканы мыйзамда кандай каралганын текшерип көрдү.

“Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө” мыйзамында экс-президенти Кыргыз өлкөсүнүн аймагынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндөгү мыйзамдарда каралган чаралардын толук көлөмүндө өмүр бою мамлекеттик кайтарууда боло турганы жазылган. Экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда, бардык кепилдиктер токтотулат.

Депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерди мамлекеттик күзөт кайтарганына каршы болду. Бул мыйзамда кандай каралган? Текшеребиз

Жыйынтык: Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевдин “Экс-президенттерди мамлекеттик күзөтчүлөр кайтарбашы керек” деген пикири мыйзамга туура келбейт. “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө” мыйзамы боюнча экс-президент өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот. Депутаттын сунушун ишке ашыруу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек болот. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты