Депутат Жамгырчиевге козголгон кылмыш иш кайра жанданды. Соттук отурум 7-декабрга белгиленди

  • 8 месяцев мурун

Депутат Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иш кайра жанданды. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук отурум 7-декабрга белгиленди.

Эске салсак, 26-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш ишин токтотуу чечимин чыгарган. Сот Жамгырчиевдин жактоочусунун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Бул беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган. Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турган.

УКМК 2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган. Былтыр Башкы прокуратура депутат Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган. Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттардын арасында Эмил Жамгырчиев да болгон. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты