Депутат ун кымбаттайт деген маалымат боюнча маселе көтөрдү

  • 1 год мурун

Депутат Марлен Маматалиев ун кымбаттайт деген маалымат боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-декабрда маселе көтөрдү.

«Эртең Жогорку Кеңештин акыркы жыйыны болот. Маалымат каражаттарында ун кымбаттайт экен деп айтылып жатат. Бирок Министрлер кабинети кечээ күнү маалыматтарды берди. Эртең дагы бир жыйын бар. Кошумча нарк салыгына өзгөртүү киргизүү керекпи, дагы эмне керек? Бул маселени күн тартибине киргизели. Нан кымбаттаса эмне болорун билесиздер», — деди Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев: «Бул маселе боюнча эртең күндүн экинчи жарымында Министрлер кабинетинин төрагасы келет», — деди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты