Депутат Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчисин кызматтан четтетип туруу керектигин айтты

  • 1 год мурун

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматтан четтетилип турушу керектигин айтты.

«Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчисине кылмыш иши козголгон болсо жумуштан четтетилип турушу керек. Маалымат угуунун эмне кереги бар? Мыйзам боюнча козголгон кылмыш ишине тоскоол болбош үчүн ал кызматтан четтетилип турушу шарт.

Азыр тергөө иши ачылып калгандан кийин ушул жерде отурган жетекчинин берип жаткан жооптору туура болобу? Эртең социалдык тармактарда ушул жерде берилген жоопторду алышып ар кандай өңүткө, ар ким өзүнүн кызыкчылыгына колдонуп кетпейби деген собол жаралып жатат», — деди Мирлан Самыйкожо.

Жыйында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдиргендей, 22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети фондго Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. 28-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен фонддун кеңсеси жана анын жетекчиси Елена Калашникованын үйү тинтүүгө алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты