Депутат: «Транспорт министринин отставкасын талап кылам»

  • 2 года мурун

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу транспорт министринин отставкасын талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Транспорт министринин отставкасын талап кылам. Ош-Разаков жолундагы кредит, грант келгенине карабастан жолду кеңейтебиз деп, элдин үйлөрүн бузуп салышкан. Жол дагы деле башталбай турат. Былтыртан бери какшап келе жатабыз. Ишти эптей албаса отставкага кетсин», — деди депутат.

Транспорт жана коммуникациялар министри болуп Эркинбек Осоев 2021-жылдын август айынан берип иштеп келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты