Депутат Токторбаевдин малдан салык алуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевдин малдан салык алуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоору парламенттин сайтына жарыяланды.

Анда жеке менчигинде 40 баш кой-эчкиси, 3 баш уй, 2 баш жылкысы барлар салык төлөөчү деп саналат деп жазылган.

Салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:

1) койлорго жана эчкилерге – 100 сом;

2) бодо малга – 250 сом;

3) жылкыларга – 250 сом.

«Айыл чарба жаныбарларына салык төлөгөн адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат.

Бул Мыйзам долбоору кабыл алынса, айыл өкмөттүн бюджетине каражат түшүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, атап айтканда, ветеринардык врачтар менен камсыз кылууга, малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүүгө, жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга ж.б. жумшалмак. Чогулган каражаттардын 100 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөт.

Азыркы учурда айыл өкмөттүн киреше булагы болуп Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алуу төлөмү саналат. Бирок Мамлекеттик фонддун жерлери арзан баада ижарага берилет, ал эми калган бөлүгү айрым адамдардын чөнтөгүндө калып жатат. Аны менен Мамлекеттик фонддун жерлерин бөлүштүрүү айыл өкмөтүнүн чиновниктеринин “бизнесине” айланып калды.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу эч кандай терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты