Депутат Тажикстандан келген этникалык кыргыздарга документ берүү маселесин жеңилдетүүгө чакырды

  • 2 года мурун

Депутат Чыңгыз Ажибаев Тажикстандан келген этникалык кыргыздарга документ берүү маселесин жеңилдетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жабыркаган жарандардын мүлкүн калыбынына келтирүү маселеси кечеңдеп жатканын белгилеп, Тажикстандан келген этникалык кыргыздарга документ берүү маселесин жеңилдетүүгө чакырды.

Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков ыш көйгөйү айтылган менен аягына чыкпай жатканын жүйө келтирди. “Абанын абалы боюнча мамлекет башка маалыматты айтса, бейөкмөт уюмдар башка маалыматты берүүдө. Андыктан тийиштүү адистер так маалыматты жарыялап, элди кабардар кылып турушу кажет”, – деди ал.

Ошондой эле депутат Таалайбек Сарыбашов жол тармагында пландалган жумуштарга токтолуп, быйыл район-шаарлардын ичиндеги жолдорду аз-аздан болсо да жаңылоо керектигин билдирди. Муну менен катар унаа жолдорун курууда милдеттүү түрдө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду да салуу зарылчылыгын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты