Депутат: “Түштүк Кореянын мурдагы мамлекет башчылары Кыргызстандын  экс-президенттериндей артыкчылыктарга ээ эмес”. Текшеребиз

Депутат: “Түштүк Кореянын мурдагы мамлекет башчылары Кыргызстандын  экс-президенттериндей артыкчылыктарга ээ эмес”. Текшеребиз

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анда экономикалык жактан кубаттуу Түштүк Кореянын экс-президенттерине Кыргызстандын экс-президенттериндей артыкчылыктар берилбей турганы жазылган.

Депутат: “Түштүк Кореянын мурдагы мамлекет башчылары Кыргызстандын  экс-президенттериндей артыкчылыктарга ээ эмес”. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы Түштүк Кореянын кызматтан кеткен президенттерине кандай артыкчылыктар бериле турганын текшерип чыкты.

Мыйзам долбоорунда кандай сунуштар айтылган?

“Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул мыйзам долбоорунда экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу сунушталган. Экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү каралган. Анда жаңы президент шайланып келгенден кийин бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядан чыгып кетиши керектиги жазылган. Мыйзам долбоору колдоо таап, кабыл алынса, мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн тартып өзүнө жана үй-бүлөсүндөгү жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө укугуна, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга берүүгө байланыштуу беренелер күчүн жоготот.

Экс-президент макамы Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевага берилген

Учурда экс-президент макамы Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада бар. Ал эми Аскар Акаев, Курманбек Бакиевге бул макам берилген эмес. Алмазбек Атамбаевге макам берилип, кайра ажыратылган. 

Депутат: “Түштүк Кореянын мурдагы мамлекет башчылары Кыргызстандын  экс-президенттериндей артыкчылыктарга ээ эмес”. Текшеребиз

Түштүк Кореяда экс-президенттерге кандай артыкчылыктар каралган?

Түштүк Кореяда мамлекет экс-президенттин пенсия жана коопсуздугун камсыздайт. Түштүк Кореянын мурдагы президенти тууралуу мыйзамында жазылгандай, мурдагы президенттер кызматтан кеткенден кийин да алардын коопсуздугу минималдуу деңгээлде камсыздалат. Анткени, президент өз учурунда мамлекеттик сыр менен иштеген. Башкача айтканда, экс-президенттин коопсуздугу улуттук кызыкчылык үчүн каралат. Мындан тышкары, мурдагы президент азыркы президенттин айлыгынын 70 пайызын алат, ал эми анын жубайы өмүрүнүн аягына чейин айлык акынын 50 пайызын алат. Ошону менен катар эле экс-президент үч катчыны жалдай алат. Тик учактар ​​же автобустар сыяктуу транспорт менен камсыз кылынат. Мурдагы президент соттолсо коопсуздуктан башка бардык артыкчылыктардан ажыратылат.

Буга чейин 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерди эмне үчүн мамлекеттик күзөт кайтарышы керек деген пикирин айткан.
Жыйынтык: Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу боюнча мыйзам долбоорунда экономикалык жактан кубаттуу Түштүк Кореянын мурдагы мамлекет башчылары Кыргызстандын  экс-президентериндей артыкчылыктарга ээ эмес экенин жазган. Түштүк Кореяда экс-президенттерге жеткиликтүү артыкчылыктар берилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты