Депутат Сузакта мугалим тарабынан сабалган окуучу кызга басым болуп жатканын айтты

  • 2 года мурун

Депутат Винера Раимбачаева Сузакта мугалим тарабынан сабалган окуучу кызга басым болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Бүгүн Балдарды коргоо күнү. Сузактагы мугалим менен окуучунун ортосундагы чыр боюнча маселе көтөргүм келип жатат. Ошол окуучу кызга психологиялык басым болуп жатат. Бизге ушундай маалымат түштү. Окуучунун абалы ооруканада жатат. Мугалимдин, окуучунун дагы укугун тебелебешибиз керек», — деди депутат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты