Депутат: «Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча сунуш берем»
- 1 год мурун
Депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу сунушун берерин айтты. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.
«Сооронбай Жээнбеков 3 жылда эмне иш кылды? Мамлекеттен пенсия алып, тамактанып, күзөтчү кайтарып жатат.
Ошонун баарын эсептетип жатам. Муну парламентте көтөрүп, мыйзам алып чыгып, президентке кайрылып бул кишинин экс-президент деген макамын алдыруу боюнча сунуш киргизем», — дейт Түмөнбаев.
Муну бөлүшүү