Депутат: «Саламаттык сактоо министринин «кара хирург» деген каймана аты бар экен»

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин айтты.

“Азыркы Саламаттык сактоо министринин “кара хирург” деген каймана аты бар экен. Бул убагында Рысбек Акматбаевди, ок тийген же бычак жеген уюшкан кылмыштуу топтун балдарын үйүнө жашыруун алып барып операция кылып жүргөн. УКМКнын башчысы, башкы прокурор силерге кулак кагыш кылып коёюн. Азыр уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп жатабыз. Мунун уюшкан кылмыштуу топторго түздөн-түз байланышы бар. Канчалаган балдарды бекитип операция кылып жүргөн киши Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп турат. Бул деген уят нерсе. Бул президенттин башын айлантты. Эми жалпы кыргыз элинин башын айлантып жатат”, — деди депутат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты