Депутат оорусу боюнча өргүүгө чыккан мамлекеттик кызматкерди жумуштан кетирүүгө тыюу салган мыйзам сунуштады

  • 2 года мурун

Депутат Нурбек Сыдыгалиев оорусу боюнча өргүүгө чыккан мамлекеттик кызматкерди жумуштан кетирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору убактылуу ишке жөндөмсүздүк мезгилинде жана кызматкер өргүүдө жүргөн мезгилде иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди бошотуу жагынан «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын ченемдерин Эмгек кодексине ылайык келтирүү жана коллизияларды жоюу максатында иштелип чыкты.

Депутат мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда эгерде кызматкер жеке себептери боюнча жана өз эсебинен жумушта же өргүүдө болсо, же ооруп калса, кызмат адамдарын бошотууга тыюу салган жобону белгилөө зарыл деп эсептейт. Нурбек Сыдыгалиев бул пунктту киргизүү менен мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери соттук териштирүүлөрдөн жана миңдеген компенсацияларды төлөөдөн кутулат деп эсептейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты