Депутат мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга айып пул салууну сунуштады

  • 10 месяцев мурун

Депутат Миргүл Темирбаева мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга айып пул салууну сунуштады. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору “Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык иштелип чыккан. Аталган жарлык менен мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган.

«Мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга жана мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүү жолу менен болтурбоого багытталган. Мамлекеттик билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултулса жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч (7,5 миң сом) өлчөмүндө айып салынат деген норма киргизилет.

Ушул эле жосундар мектептерде атайын фонддорду түзүү жолу менен жасалса: жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом), юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч (28 миң сом) өлчөмүндө айып салынат», — деп жазылат мыйзам долбоорунда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты