Депутат медицина тармагы бизнеске айланып калганын билдирди

  • 2 года мурун

Депутат Өмүрбек Бакиров медицина тармагы бизнеске айланып калганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал медицина тармагын бизнеске айланып калганын айтып, жеке лабораториялардагы кызмат көрсөтүүнүн наркын көзөмөлдөөгө чакырды. “Ал жерлерде каалаган баалар коюлуп, чыгарган анализдери да так болбой калган учурлар катталууда”, – деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат Нурланбек Азыгалиев таза суу маселесине токтолды. “Жайыл жана Панфилов райондорундагы көпчүлүк айылдар азыркыга чейин ичүүчү сууга муктаж. Аракеттер болуп жатканына карабай, аягына чыкпай келет” ,– деди Азыгалиев. Муну менен катар аймактарда бала бакча маселеси да курч экенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты