Депутат өлкөдөгү туризм тармагын өнүктүрүүгө байланышкан көйгөйлөрдү көтөрдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова өлкөдөгү туризм тармагын өнүктүрүүгө байланышкан пикири менен бөлүшүп, кайрылуу жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Министрлер кабинетинин, тиешелүү министрликтердин  отчетунда иш жүрүп жаткандай маалыматтарды алып жатабыз. Бирок иш жүзүндө туристтер келгенде көрсөтө турган эл аралык талапка жооп берген тейлөө, инфраструктура, эң негизгиси- реставрацияланган, кызыктуу, тарыхый, маданий жайларыбыз саналуу гана”, – деди депутат.  

Муну менен катар дүйнөлүк мурастардын катарында турган эстеликтерди кароого жана туристтер үчүн инфраструктуралык объекттерди курууга акыркы 13 жылда каражат бөлүнбөгөндүгүн айткан Шарапаткан Мажитова Министрлер кабинетин аталган маселеге көңүл бурууга чакырып, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү” мыйзамды да жаңылоо керектигин кошумчалады. Ошондой эле бул жаатта иш алып барууга жеке өнөктөштөрдү да тартуу зарылчылыгына токтолду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты