Депутат КУУнун имараты түштүк кореялык компанияга күрөөгө коюлганын айтты. Билим берүү министрлиги муну четке кагууда

  • 1 год мурун

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мүлкүн түштүк кореялык компанияга күрөөгө коюлган эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда сот процесси уланууда. Билим берүү жана илим министрлиги Жусуп Баласагын атындагы КУУнун бир дагы мүлкү күрөөгө коюлган эмес», — деп билдирди министрлик «ПолитКлиникага».

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Билим берүү министрлигинин жетекчисине кайрылып, КУУнун имараты чет мамлекетке насыяга берилип-берилбегени тууралуу маалымат берүүнү сураган. 

Депутат КУУнун имараты түштүк кореялык компанияга күрөөгө коюлганын айтты. Билим берүү министрлиги муну четке кагууда

“КУУ учурда Корея өлкөсүндө күрөөдө турат экен. Мамлекеттик макамы бар окуу жай күрөөдө турса, бул абдан өкүнүчтүү”, — деген оюн айткан депутат Ырысбек Атажанов

Бирок министр Уланбек Мамбетакунов бул боюнча үстүрттөн гана маалыматы бар экенин, жазуу түрүндө жооп бере тургандыгын белгилеген. 

Депутат КУУнун имараты түштүк кореялык компанияга күрөөгө коюлганын айтты. Билим берүү министрлиги муну четке кагууда

Биз бул маселени университеттин ректору менен сүйлөшүшүбүз керек. Кийин мен сизге кат жүзүндө жооп берем. Азыр менде үстүртөн эле маалымат бар”, — деп жооп берген депутаттын суроосуна министр Уланбек Мамбетакунов

Ал эми билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова бул маселе боюнча учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. 

«2011-жылы Түштүк Кореядан Улуттук университет аркылуу Алмазбек Исманкуловдун клиникасына медициналык жабдыктар түрүндө кредит алынган. Бирок кредитти өз убагында төлөшкөн эмес. Биз сотко берип, Түштүк Корея тарап менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрдүк. Учурда сот аркылуу баарын мыйзамдаштырып атабыз”, — деди ал.

Эске салсак, “ПолитКлиника” медиасы буга чейин 24 жыл мурун медициналык жабдууларга берилген корей насыясынын айланасындагы талаш Кыргызстанды миллиондогон доллар карызга гана батырбай, андан башка дагы кесепетин тийгизгенин “Алмазбек Исманкулов аралашкан насыя чыры Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизди” аталышындагы иликтөөсүндө аныктап чыккан

Иликтөөгө таянсак, 1997-жылы апрелде КУУнун окумуштуулар кеңеши “медициналык билим берүү программаларын өнүктүрүү, студенттерге жана окутуучуларга медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн” ЖОЖдун алдында “ИнтерГоспиталь” медициналык борборун ачууну чечкен. Аталган борбордун негиздөөчүлөрүнүн бири, “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов “ИнтерГоспиталь” медициналык борборунун жетекчиси болот. 

Аталган борбор Түштүк Кореядан медициналык жабдуулар үчүн 8,5 млн доллар насыя алып, бирок аталган жабдуулар Кыргыз улуттук университетине эмес, Алмазбек Исманкуловдун жеке клиникасына келип түшөт. Алынган насыяны төлөө милдети Кыргыз улуттук университети менен өкмөттүн жоопкерчилигинде калган. Алынган насыя убагында төлөнбөгөндүктөн Кыргызстандын Түштүк Кореянын алдындагы инвестициялык беделине терс таасирин тийгизген. Тагыраагы, Кыргызстан Түштүк Кореядан медицина жаатында насыя ала албай калган. 

Ал эми Алмазбек Исманкулов насыянын үчтөн бир бөлүгүн гана алгандыгын, калганын өкмөттөн сураш керек экенин айткан болчу. 

Билим берүү министрлиги кредитке алынган жабдуулардын баары Алмазбек Исманкуловдун клиникасына келгенин, андыктан насыяны төлөө милдети Исманкуловдун жоопкерчилиги экенин белгилеп келет. 

“ПолитКлиника”

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты