Депутат «кемпирабадчылар» тууралуу башкы прокурордун маалыматын угууну сунуштады

  • 5 месяцев мурун

Депутат Шайлообек Атазов «кемпирабадчылар» тууралуу башкы прокурордун маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар эки жылдан бери соту болбой жатканын айтышууда. Ал жердеги аскерлер саясатчыларды чыканак менен уруп, түртүп, кордоп жатат. Кийинки аптада башкы прокурорду чакырып, мыйзам кандай аткарылып жатканын сурайлы. Депутаттык комиссия да түзүлдү эле. Анын жыйынтыгы чыгабы?» — деди Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев прокуратура ишти сотко өткөрүп бергенин, соттун жүрүшүнө тоскоолдук кылбаш керектигин айтты.

Кечээ,14-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сотто ызы-чуу чыкты. Айыпталуучулар соттун аракетине нааразылык билдирип, коштоп жүргөн аскерлер менен түртүшкөн.

2022-жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Анын айрымдары камакта, кээ бирлери үй камагына чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты