Депутат Икрамов шайлоого катышпагандарга маалымкат бербей коюуну сунуштады

  • 7 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов буга чейин шайлоого катышпаган жарандарга чара көрүү боюнча мыйзам долбоорун кайра иштеп чыкты. Өзгөргөн документ Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Депутат бул ирет шайлоого катышпаган жарандарга мамлекеттик мекемелер үч айдан алты айга чейин маалымкаттарды бербей коюусун сунуштап жатат. Документте мындан тышкары добуш бербеген жарандардын аңчылыкка чыгуу үчүн берилген укугунан же лицензиясынан ажыратуу каралган.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде депутат Икрамов долбоорду иштеп чыгууда Европа өлкөлөрүнүн, Австралиянын, Бразилиянын жана Түркиянын тажрыйбасын эске алганы жазылган.

Ал мындай тажрыйба шайлоого жарандардын көп катышуусун камсыз кылат деп эсептейт.

«Жогоруда айтылгандардын негизинде, шайлоочулардын көпчүлүгүнүн шайлоого катышпай калышынын кесепеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген демократиянын негизги принцибинин бузулушуна жана республикалык бюджеттен акча каражаттарынын негизсиз ысырап болушуна алып келерин белгилесек болот. Мына ушуга байланыштуу ченемдик укуктук актыларга жогоруда аталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл», — деп айтылат документте.

Икрамов буга чейин шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, 13-июлда коомдук талкууга койгон. Кийин Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында бул документти артка чакыртып алганын, мыйзам долбоору толукталып кайра талкууга коюларын билдирген.

Сунушка Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунда быйыл 28-майда өткөн шайлоо да негиз болгон. Анда 124 908 шайлоочунун 17 423ү (13,95%) гана добуш берген. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоолордун бири болгон.

2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо 39,75% гана добуш берди. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 56,2%, 2021-жылы 34,93% келген. 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 млн 700 миңге жеткен.

Кыргызстанда Конституция боюнча ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Шайлоодо добуш берүү милдеттүү эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты