Депутат электр жарыгын өчүрүүнүн графигин жарыялоону талап кылды

  • 2 года мурун
Депутат электр жарыгын өчүрүүнүн графигин жарыялоону талап кылды

Депутат Дастан Бекешев электр жарыгын өчүрүүнүн графигин жарыялоону талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Бүт эле жерде азыр аймактарда саат сайын электр энергиясын өчүрүү башталды. Мурдагы маал-маалы менен өчүрүүнү азыр регулятордук чаралар деп коюшту. Электр энергиясы бизде кризис болуп жатат, жабдуулар эски, начар болуп жатканын түшүнүп жатат. Жок дегенде жарандарга график түзүп, ушул саатта жарык болбойт деп айтып койбойсуздарбы. Алар ошого даяр болушат. Электр энергиясы өчүрүлгөндүн айынан ыш болуп жатат, көптөр көмүр жана башка нерселерди жагып, шаарды катуу ыш каптап жатат», — деди депутат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты