«Депутат депутаттыгын кылганы туура». Муфтият саясатчыларды Куран менен ойнобоого чакырды

  • 2 года мурун

Муфтият социалдык тармактагы баракчасы аркылуу саясатчыларды Куран менен ойнобоого чакырды.

«Куран менен ойнобогула. Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла! Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз», — деп айтылат кайрылууда.

Буга чейин депутат Арсланбек Малиев Жогорку Кеңештин жыйынында кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды карап жатканда куран китебин кармап, андагы сүрөөнү окуган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты