Депутат дайынсыз болуп жаткан жоокерди издөө иштери тууралуу маалымат берүүнү суранды

  • 2 года мурун

Депутат Дастанбек Жумабеков дайынсыз болуп жаткан жоокер тууралуу маалымат берүүнү суранды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

«Чек ара чырынан кийин Талас облусунун Кара-Буура районундагы биздин жоокерибиз дайынсыз болуп жатат. Ата-энелери күтүп жатат. Күч органдары бул боюнча кандай иш жүрүп жатканы тууралуу жыйынтык берип койсо. Маалымат берели. Бизде дагы так маалымат жок. Кийинки отурумда же жазуу түрүндө маалымат берип койсоңуздар», — деди ал.

Дастан Анарбеков 17-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап президентке жана УКМКга кайрылышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты