Депутат чек арадан чыгууга чектөө коюлганын алдын ала билүү боюнча шарт түзүлүшү керектигин айтты

  • 2 года мурун
Депутат чек арадан чыгууга чектөө коюлганын  алдын ала билүү боюнча шарт түзүлүшү керектигин айтты

Депутат Эльвира Сурабалдиева чек арадан чыгууга чектөө коюлганын алдын ала билүү боюнча шарт түзүлүшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Жарандар чет өлкөгө чыгып баратканда чек арадан өтүүгө чектөө коюлганын ошол жактан билип жатышат. Бул маалыматты кыргыз жараны алдын ала кантип билиши керек?» — деди ал.

Депутат Дастан Бекешев былтыр чет өлкөгө иш сапары менен кетип баратып ага сыртка чыгууга тыюу салынганын чек арадан гана билгенин билдирди. Ал депутаттарга чет жакка чыгууга бөгөт коюу туура эмес экенин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты