Депутат Бишкекте жана Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керектигин айтты

  • 1 год мурун

Депутат Медербек Алиев Бишкекте жана Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Акыркы 10 жыл аралыкта Бишкек менен Ош шаарында көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Уруксат берилбей турган жерлерге дагы курулду. Алардын сапаты кандай? Коопсуздук талаптарга жооп береби? Жер титирөө болсо канча баллга чейин туруштук бере алат? Чукул тартипте өкмөттүн курамынан гана эмес бейрасмий адистер кирген комиссия түзүлүп, коомчулукка коркутунду чыгарып бериш керек», — деди Алиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты