Депутат Бишкекке өзгөчө кырдаалдар абалын киргизүүнү сунуштады
- 2 года мурун
Депутат Исхак Масалиев Бишкекке өзгөчө кырдаалдар абалын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Өзгөчө кырдаалдар абалын тез арада киргизишибиз керек. Баарыбыз тең уу жыттап жатабыз. Башыбыз айланып жатат. Сунушту Министрлер кабинетинин өкүлүнө айтып жатам. Тийиштүү министрлик текшериши керек», — деди Масалиев.
Муну бөлүшүү