Депутат Баш мыйзамды кайра редакциялап чыгуу керектигин айтты

  • 1 год мурун

Депутат Мирлан Самыйкожо Баш мыйзамды кайра редакциялап чыгуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Конституцияга канча жолу өзгөртүү киргизилген. Бирок кыргыз тилинде жазылды беле? Баш мыйзам туура эмес которулган. Конституция орус тилинен кыргыз тилине тантык которулган, каталарды тизмектеп жазып койдук. Баш мыйзамды жазып жатканда популисттик, алешемдик, шашылыш менен жазылып калганы сокурга көз бүткөндөй көрүнүп калган. Балээнин баары ушул жерден чыгып жатат. Баш мыйзамды аттап кетип жатабыз. Ошон үчүн Баш мыйзамыбызды кайра редакциялап карап чыгуу керек», — деди Мирлан Самыйкожо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты