Депутат: «Балдарыңарды таппай калам десеңер чип орнотуп койгула»

  • 2 года мурун

Депутат Жусупбай Коргонбай уулу педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүүнү колдой турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-сентябрда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.

«Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүү сунушун колдойм. Коррупция, жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн кишилерди, оор кылмыш жасагандарды өлүм жазасына тартыш керек. Аларды мамлекеттин бюджетинен багып отурбай коомду тазалаш керек. Муну фракциянын атынан Жогорку Кеңешке жөнөтүүнү сунуштайм.

14 жашка чейинки балдарга телефон колдонууга мыйзам түрүндө тыюу салуу керек. Азыр технологиянын заманы, балдарыңарды таппай калам десеңер чип орнотуп койгула«, — дейт ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты