Депутат Бактыяр Калпаев жаңы филармония курууну сунуштады
- 5 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев Бишкек шаарында жаңы филармониянын имаратын куруу демилгесин көтөрдү.
Анын айтымында, учурда мамлекеттик жана маданий иш-чаралардын көбү филармонияда өткөрүлүп жаткандыктан, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имаратка муктаждык жаралды. Депутат эл аралык стандарттарга шайкеш келген филармония куруу мезгили келгенин белгиледи.
«Маданий тармагына дагы көңүл буруп, Бишкек шаарына жаңы, заманбап, эл аралык деңгээлдеги филармонияны куруунун учуру келди деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күнү көптөгөн мамлекеттик иш-чаралар филармонияда өтүп келет. Ошол себептен имаратты жаңылай турган убак келди. Жаңы филармония куруу менен биз кыргыздын маданиятын жаңы деңгээлге көтөрөбүз деген ишенич бар», — деди депутат.
Муну бөлүшүү




