Депутат Бакиров УКМКнын айыптоосун четке какты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) аны кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жолукту деген маалыматы чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Бакиров УКМКнын бул айыптоосун четке кагып, “Барс” жайына катардагы эс алуучу катары барганын, Көлбаев менен жолукпаганын «ПолитКлиника» медиасына маалымдады.

“Жекшемби күнү жардамчым экөөбүз көлгө барганбыз. «Барс» эс алуу борборунан кымыз сатып алып, кайра Бишкекке келгенбиз. Бирок мен ал жерде Камчы Көлбаевди көргөн жокмун. Ошончо видеону чыгарышыптыр, анда Көлбаев менен отурганымды дагы чыгарбайт беле», — деди депутат.

17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Анын эртеси Бакиров Ак үйдөгү иш бөлмөсүнөн чыгарылып, бул боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Кечээ, 27-декабарда депутат Бакиров УКМКда сурак берип чыкканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты