Депутат Азия чемпионатына бара турчу спортчуларга акча бөлүнбөй жатканын айтып чыкты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында депутат Шайлообек Атазов күрөш боюнча Монголияда өтө турчу Азия чемпионатына кыргызстандык балбандар бара албай жатканын айтып, буга Финансы министрлигин күнөөлөдү.

Анын айтымында, министрлик балбандардын билетине каражат бөлүү маселесин бүгүн саат 11ге чейин чечиши керек болчу. Бирок маселе азыркыга чейин чечиле элек.

«Финансы министрлиги Олимп оюндарынын күмүш медалдалдарынын ээлеринин билетине акча которбой жатат. Бул ошол министрликтеги кыргыз спортун түшүнбөгөн адистердин айынан болуп жатат. Алар болсо «фонд ачып, акчаны элден топтоп барбайсыңарбы» деп айтып жатышыптыр. Бул эмне деген мамиле?», — деди Атазов.

Бул маселени чукул арада чечүү тууралуу парламенттин төрагасы Талант Мамытов президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, протоколдук тапшырма берди.

Буга байланыштуу Финансы министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты 19-апрелден 24-апрелге чейин Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт. Дене тарбия жана спорт департаменти мелдешке Кыргызстандан 23 балбан катышаарын билдирген. Алардын катарында Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы да бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты