Депутат Атазов чет өлкөлүк тыңчылар тууралуу мыйзам долбоорун тез арада карап, кабыл алуу керектигин сунуштады   

Бүгүн, 2-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандагы чет өлкөлүк тыңчыларга баа бере турган мыйзам долбоорун күн тартибине тез арада коюуну жана кабыл алууну сунуштады.

-Мамлекетибиздин идеологиясына, улуттун баалуулуктарына, салтыбызга, наркыбызга сокку уруп жаткан бизде уюмдар бар. Мамлекеттин стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген, керек болсо, мамлекетке душмандар кол салганда да алар тарапты колдоп, жарыялаган сайттар бар. Буларга чекит коюуга, улуттук баалуулуктарга балта чаап жаткандыгына көңүл бурушубуз керек.

Себеби дегенде азыр булар Батыштын саясатын жайылтып, Интернет аркылуу жаштарыбыздын психологиясын бурмалай турган болушту. Ошондуктан биздин урматтуу депутатыбыз демилгелеген чет өлкөлүк тыңчыларга баа бере турган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында турат. Депутатыбыз Надира Нарматова жана бир нече депутат демилгелеген. Ушуну алып чыгып, эртерээк  кабыл алыш керек деп эсептейм. Себеби деген жаштарыбыз бурулуп кеткенден кийин  өтө кеч болот, -деди Шайлообек Атазов.

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жалпы жыйынында интернеттеги TikTok социалдык тармагын чектөөнү сунуштаган. Ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, өз сунушун TikTok жаштарга жана улуттук идеологияга терс таасир тийгизип жатат деп негиздеди:»Маданият министрлигине тапшырма бериңиз, ушул багытта иш алып барсын. Кечинде үй-бүлө менен отуруп TikTok көрүү уят болууда. Мамлекеттин улуттук саясаты болуш керек да. Башка өлкөлөрдө, мисалы Казакстан, Өзбекстанда TikTok жок. Ушуга көңүл буруңуздар» деп билдирген.

Надира Нарматова 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын курамы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин “Чет өлкөлүк тыңчы” мыйзам долбоорун сунуштап, ошондой эле, көз карандысыз “Клооп”, “Азаттык”, “Кактус Медиа” сыяктуу медиалардын жабылышына чакырган бир топ демилгелерди көтөргөн. 

“Чет элдик тыңчылар” жөнүндөгү мыйзам долбоору 2013-жылы ошол учурдагы депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова тарабынан Жогорку Кеңешке сунушталган. Мыйзам долбооруна ылайык, “саясий ишмердүүлүк менен” алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик тыңчы” макамын алышат. Бирок ошол эле маалда мыйзам долбоорунун авторлору “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгүнө так аныктама бере алышкан эмес. 

Сунушталган долбоор боюнча “Фридом Хаус” уюму, активисттер жана эксперттер  бул мыйзам долбоордо кооптуу нормалар камтылып, сөз эркиндигине жана жарандык коомдун өнүгүшүнө коркунуч жаратарын белгилешкен. Ал эми бир катар демократияны коргогон уюмдар бул мыйзам кабыл алынса, Кыргызстандагы сөз эркиндигине чоң доо кетерин эскертишкен. 

Бул мыйзам долбоорун 2016-жылы Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 111 депутаттын 65и каршы добуш берип, артка кайтарышкан. Талкууга катышкан көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоору жарандык коомчулукту чектеп, Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирерин билдиришкен.

1-февралда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы «Клооп» басылмасынын редакциясына “АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты”  аттуу макаланы веб-сайттан өчүрүү талабы менен эки кат жолдогон. Бул тууралуу «Клооп» 1-февралда билдирди.“Сайттын ээси тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө kloop.kg сайтындагы анык эмес маалыматты өчүрүү тууралуу чечим аткарылбаса, министрлик kloop.kg сайтынын ишин эки айга токтотуу тууралуу чечим кабыл алат” деп белгилеген.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгиледи.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты