Депутат Ашимова “Эр Төштүк” фильмин тартууга каражат бөлүнбөй жатканын билдирди
- 11 месяцев мурун
Бүгүн, 3-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Ыйман нуру” фракциясынын жетекчиси Динара Ашимова “Эр Төштүк” фильмин тартууга каражат бөлүнбөй жатканын билдирди.
-Биздин балдарыбыз чет мамлекеттик фантастиканы абдан жакшы билет, бирок өзүбүздүн баатырларды билишпейт. Ошондуктан “Эр Төштүк”, “Жаңыл мырза” , “Кожожаш” сыяктуу чыгармаларды балдарга ылайыкташтырып, мултьфильм катарында чыгарсак, алар бала бакча, мектептеги кезинен ошондой идеалдар менен чоңоюшат.
“Эр Төштүк” боюнча айта кетсек, 2023-2024-жылдары 5 млн долларлык пландалган бюджет менен Улуттук киноматография департаментинин эксперттик кеңешинен өтүп, ал каражатты финансы министрлиги берилсин деп бюджет такталган экен. Бирок ушул убакка чейин бөлүнүп берилбей, мамлекеттик заказ берилбей жатыптыр. Акча каралыптыр, сценарий, баары-жогу такталыптыр, бирок белгисиз себептер менен бул иш токтоп туруптур. Ошондуктан мага бул кинотасманын үстүнөн иштеп жаткан бир нече режиссер кайрылды,-деп билдирди Ашимова.
Бул пикирди депутат Мирлан Самыйкожо да колдоп, бийликти маселеге көңүл бурууну суранды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




