Депутат Акылбек Түмөнбаев өкмөт башчынын отставкасын талап кылды

  • 2 года мурун
Депутат Акылбек Түмөнбаев өкмөт башчынын отставкасын талап кылды

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууга байланыштуу президент Садыр Жапаровго эле кайрыла бербей, өкмөт дагы жооп бериши керектигин айтты.

«Баткенге тажиктер кол салбай эле, парламент кол салгандай болуп өкмөт биз менен кармашып, бизге каршы сүйлөп, парламентти жаман көргөзгөнгө аракет кылып жатат. Бул жерде биз бир эле президентке кайрыла бербейли. Министрлер кабинетинин төрагасы ар бир министр үчүн жооп берет да. Ар бир министрди «ушул татыктуу, ушул тармакты жөнгө салат» деп коюп жатат. Бүгүнкү күндө министрлер акча алып кармалып жатат, камалып, иш козголуп жатат. Буга өкмөт башчы жооп бериши керекпи? Ал отставкага кетиши керек. Ошол эле Кумтөрдү жетектеп жаткан Тенгиз Бөлтүрүктү Акылбек Жапаров «бул үчүн мен жооп берем» деп отургузду эле. Бүгүнкү күндө ал киши элге маалымат бербесин деп камап отурушат», — деди Түмөнбаев.

Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экени белгилүү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты