Денис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду

  • 2 года мурун
Денис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркияда өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду.

Суучул брасс боюнча 100 метр аралыкка сүзүүдө финалдык жарышта 1-орунду алды (1 мүнөт 0,54 секунд). Экинчи жана үчүнчү орунда түркиялык спортчулар келишти. Денис Петрашов ушуну менен бул мелдеште үчүнчү жолу байгеге ээ болду. Ал буга чейин 13-14-августта брасс ыкмасы менен 50 жана 200 метрге сүзүүдө эки коло байге алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты