“Дене тарбия мугалими кыздарды жамбашка чапчу”, “Профессор агай өпкүлөй берет”. Окуу жайлардагы харассмент (Фоторепортаж)
- 2 года мурун
- Баяндар
“Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы” жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда ар бир бешинчи студент кыз өзү окуган окуу жайда жыныстык асылууга туш болот. Себеби, эксперттердин айтымында, өлкөдөгү бир да окуу жайда жыныстык асылууга каршы күрөшүү жүрбөйт.
Биз бул жолу “Жетишет” аттуу фотодолбоордо мектепте, кийинчерээк университетте сексуалдык ыдыкка кабылган Кыялдын окуясын баяндайбыз (белгилүү себептер менен каармандын аты өзгөртүлдү).
“Дене тарбия сабагын аябай жаман көрчүмүн”
19 жаштагы Кыял Балыкчы шаарында төрөлүп, мектепти дагы ошол чакан шаардан бүтүргөн. Каарманыбыз мектептеги күндөрүн жагымсыз эскерүүлөр менен эстеп калганын айтат. Себеби, окуучу кезинде эле Кыял жыныстык асылууга кабылган.
“Биз 9-класста окуп жүргөндө мектепке жаңы дене тарбия мугалими келген. Орто жаштагы эле агай болчу. Ал агай жаңы келгенде эле мага жаккан эмес. Кыздарды көзү түшүп калгычакты карай берер эле. Өзгөчө бою узун, келбеттүү классташ кыздарымды аябай башкача карачу. Бир күнү агай бизге:“Кыздар! Бүгүн силерге жаңы, башкача көнүгүү үйрөтөм” деди. Кыздарды тизип алып четинен шпагатка отургузду. Анан ким шпагатка отура алган болсо, аларды “Азамат!” деп туруп жамбашка чапкан. Анда агайдын бул кылыгын түшүнгөн эмеспиз. Тек гана дене тарбия сабагына катышкым келбей, сабакты жаман көрүп жүрдүм”, — дейт Кыял.
“Агайдын айынан классташ балдар бизди шылдыңдашар эле”
Кыялдын айтымында, кийинчерээк дене тарбиячынын окуучу кыздарга болгон жыныстык асылуусу күчөгөн. Муну байкаган Кыялдын классташ балдары агайдын кылган ыдык мамилесине кыздарды күнөөлөп, шылдыңдашчу.
“Агай көнүүгүлөрдү жасатымыш болуп, кыздарды кучактап, аларды белинен, жамбашынан кармалай берчү. Муну баары эле байкачу, билчү, көрчү. Классташтар балдар деле: “Тиги агайыңар жаман башкача ээ?”, “Бүгүн да өзүнүкүн баштайт да”, “Эмне кылып аны анча кызыктырып алдыңар?” деп каткырып шылдыңдашкан. Кыздарды билбейм, бирок мен аябай эле жаман болчумун. Эсимде, агай бир жолу көнүгүү жасатып жатып, эки бутумдун ортосун кармалаган. Мен шок эле болуп калгам. А тиги агай болсо, эч нерсе болбогондой, кийинки кыздын жанына басып кеткен. Менин ошондогу абалым азыр да эсимде. Алар эң жаман сезимдер. Кечке ошол учурду ойлонуп, өзүмдү кир сезип, аябай жаман болгом. Мага эле эмес көп кыздарга ушинтип асылган. Жада калса параллель класстагы бир кыз менен кыз-жигит болуп сүйлөшөт экен деген ушактар дагы чыга баштаган”.
“Жөн гана башка мектепке которулуп кеткен”
Каарманыбыз дене тарбиячынын жоругу кийинчерээк ата-энелерге жеткенин айтты. Мындан улам мектепте чоң ызы-чуу болуптур. Бирок эң өкүнүчтүүсү дене тарбиячы Кыялдын мектебинен кеткени менен, ошол шаардагы эле башка мектепке кайра мугалим болуп кирген.
“Агайдын кылыктарын ата-энесине ким айтып барганы, кайсы ата-эне ызылдап мектепке келгени белгисиз бойдон калган. Бирок мектепте чоң ызы-чуу болгон. Анткени көптөгөн окуучу кыздар, тарбия завучка агай жөнүндө, агайдын кылыктары тууралуу анонимдүү түрдө айтып беришиптир. Мындан улам директор ал агайды жумуштан кетирген. Бирок биздин шаар кичинекей эле да. Көпчүлүгү бири-бирин тааныйт, ушак бат тарайт. Кимдин эмне кылып жүргөнү баарына эле маалым болуп калат дегендей. Андыктан биз тигил агай башка мектепке которулуп алганын укканбыз. Ал мектеп деле жаман эмес. Балыкчы шаарындагы жакшы делген мектептердин бири. Ал азыр деле ошол мектепте дене тарбиячы болуп иштеп жүрсө керек”, — дейт Кыял.
“Университеттен да ыдыкка кабылдым. Азыр ал агайдан качып жүрөм”
Кыял азыр 2-курстун студенти. Балыкчыдагы орто мектепти бүтүп келген соң борборго келип мамлекеттик жогорку окуу жайлардын бирине тапшырган. Деген менен Кыял азыр дагы тынч жашоодо жашабасын айтат. Харассмент Кыялды бүгүнкү күндө университетте да кыйнап келет.
“Мен окуган факультетте карыган эле профессор агай бар. Ал эмнегедир мени менен өбүшүп учурашат. Бул нормалдуу эмес да туурабы? Мен мисалы, аябай эле ыңгайсыз болом. Группалаштарым дагы: “Ушул агай экөөңөр соо эмессиңер!” деп шылдыңдай беришет. А мен бул сөздү уккан сайын жиним келет, жаман болом. Университеттен агайга көрүнбөгөнгө, маңдайынан чыкпаганга аракет кылам. Окуудан ал агайга көрүнүп калбайын деп, качып эле жүрөм. Бир жолу кафедрага жумуштап барсам, ал жакта ошол агай отуптур.“Саламатсызбы” деп учураштым. Анан ал менин жаныма келип, колун берип, дагы бетимен өөп учурашканы аткан. Мен ыңгайсыз болуп бетимди бура калсам, анын оозу менин оозума тийип атпайбы. Менин оозуман өөп салды да ошентип. Аябай жаман акыбалда калгам. Агайдын өпкөнү мага аябай эле ыңгайсыздык жаратат. Жийиркенем, ошон үчүн агайдын көзүнө көрүнбөйүн деп, андан качып жүрөм. Дагы жакшы болду, быйылкы семестрда сабак бербейт экен”.
“Өзүнө жаккан кыздарга жакшы баа койчу. Өзгөчө юбка кийген кыздарды жакшы көрөт”
“Ошондой эле ал агай өзүнө жаккан кыздарга жакшы баа коюп берет. Аларды көп кыйнабайт, кайра-кайра суроо бербейт. Оңой эле суроо берип, жакшы баа коюп, кетире берет. Ал эми сырткы келбети өзүнө жакпаган кыздарды аябай такап сурайт. Сабакка жакшы даярданып келсе дагы , жактырбайт. Жумурткадан кыр издейт. Анын мындай кыялын бардык эле студенттер билет. Биз биринчи курска келгенде жогорку курстагылар ошол агайдын атын айтып, “Ошого жакканга аракет кылгыла, ал жактырган адамдарына жакшы баа коюп берет дешкен” болчу. Көрсө ал юбка кийген, чачы узун кыздарды жактырат экен. Ошондой кыздарды чынында эле көтөрмөлөп, жогорку бааларды коюп берчү”.
“Ойлор тынчтык бербейт”Кыял маегинин соңунда “Менин эмнем туура эмес?”, “Эмне үчүн мен кайра-кайра харассментке кабылып жатам?” деген суроолор, ойлор тынчтык бербей, стресске кабылып жатканын айтат.
“Мен ойлоп көрсөм бул окуялардан тышкары дагы көп жолу харассментке кабылыптырмын. Алардын ар бири мага психологиялык запкы алып келгенин эми түшүнүп жатам. Албетте, өзүңдү күүнөөлөгөн ойлор келбей койбойт. “Эмнеге мен дайыма эле ыдыкка кабыла берем?”, “Балким көйгөй менде…” деп стресске да кабылып келем. Өзгөчө атаңдай эле адамдар сага тийишип, асылса өзүңдү аябай кир адам сезет экенсиң”, — деп маегин жыйынтыктады Кыял.
Автор: Эркайым Асанканова
#ЖЕТИШЕТ! долбоору, “IDEA CA” коомдук уюмунун жардамы менен жана “Луч света” Регионалдык программа демилгесинин колдоосу менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен “Луч света” Регионалдык программа демилгесинин көз карашын чагылдырбайт.